Данфорддун Анкара сапары

Данфорд менен Акардын жолугушуусунан кийин жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

605183
Данфорддун Анкара сапары

АКШнын башкы штаб төрагасы, армия генералы Жосеф Данфорд Түркиянын башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар менен жолугушуу үчүн кечээ расмий сапар менен Анкарага келди.

Эки кесиптештин жолугушуусунан кийин жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

Анда Сирия жана Ирактын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу жана террор менен күрөшүүнүн биргелеше жүргүзүлүшүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгилешкени белгиленди.

Жолугушууда армия генералы Акар, Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында баталган «Евфрат калканы» кыймылына коалициянын абадан колдоо көрсөтүүсүнүн маанисин баса белгиледи.

Айрыкча, качкын абалына түшкөн сириялыктардын Жераблус жана башка отурукташуу аймактарына кайра кайтышынын аймакта ырааттуулктун түзүлүшүнө салым кошконун айтты.

Жолугушууда Мүнбичтен ПЙД/ЙПГ террор уюмунун чыгарылышы менен Раккадагы акыркы абал, Ирактын Мосул шаарын террор уюму ДЕАШтан тазалоо үчүн 17-октябрда Ирак армиясы баштаткан АКШ жетектеген коалиция күчтөрү колдоо көрсөткөн Мосул кыймылы, ПЙД/ЙПГ террор уюмунун Сирия жана Ирактагы кыймылдары жана аймактагы секталык кагылышуу коркунучу темаларында эки тараптуу маалымат алмашышты.

Эл-Баб жана Ракка башында турган Сирия жана Иракта террор уюму ДЕАШка каршы биргелеше күрөшүү жолдору да сүйлөшүлгөн темалардын арасында эле.

Армия генералы Хулуси Акар Түркиянын Ирактын Телафер жана Синжар аймактарындагы сезимталдыктарын жана Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) АКШда уланган иш-чаралары туурасындагы тынчсыздануусун кесиптешине кайра билдирди.



Тектеш кабарлар