Эрдоган менен Акынжы Кипр маселесин сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Мустафа Акынжы Стамбулда жолукту.

604612
Эрдоган менен Акынжы Кипр маселесин сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Мустафа Акынжы кечээ кечинде Стамбулда жолукту.

Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда Стамбулдагы Тарабия сарайында өткөн жолугушууда Кипр темасында болуп жаткан сүйлөшүү процесси каралды.

Президент Эрдоган жана ТКТРнын президенти Акынжы, Мон Пелеринде боло турган жолугушуу тууралуу чечим табуу темасындагы чечкиндүүлүктөрүн өзгөртпөй тургандарын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдө сезимтал процесске кирилгенине көңүл бурган Эрдоган жана Акынжы, Кипр маселесине байланыштуу чечим табууда аралда эки жактуу, эки коомчулуктуу түзүлүштүн укуктук жактан кепилдикке алынышынын, гарантия системасынын корголушунун маанисин баса белгилешти.

Эрдоган Акынжыга Мон Пелериндеги жолугушууларда ийгилик каалады.



Тектеш кабарлар