Укуктун үстөмдүгүнө ишенилсе, соттордун чакыруусуна баш ийлиши керек

Мевлүт Чавушоглу, эч кимдин кылмыш кылуу укугуна ээ болбой турганын, мыйзамдардын алдында эч кимдин айырмачылыгы болбой турганын айтты.

604289
Укуктун үстөмдүгүнө ишенилсе, соттордун чакыруусуна баш ийлиши керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, эч кимдин кылмыш кылуу укугуна ээ болбой турганын, мыйзамдардын алдында эч кимдин айырмачылыгы болбой турганын айтты.

Чавушоглу атайын бир телеканал программасында күн тартипке байланыштуу серебин салды.

Террор териштирүүсүнүн алкагында Элдердин демократиялык партиясы (ХДП) айрым эл өкүлдөрүнүн кармалуулары жана камакка алынууларына байланыштуу Чавушоглу, шайланган адамдардын да бир өлкөнүн конституциясына жана мыйзамдарына баш ийшиши керектигин баса белгиледи.

Укуктун үстөмдүгүнө ишенилип жатса соттордун чакырыктарына да баш ийилиши керектигин белгилеген Чавушоглу, бул темада Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен катар бир топ партиянын башчылары жана эл өкүлдөрүнүн сотторго барып түшүнүк бергенин айтты.

Чавушоглу: «Бирок «мен түрк сотун тааныбаймын, түрк укугун жана мыйзамдарын тааныбаймын, Парламенттен чыкканда мен да бар болчумун, добуш бердим бирок тааныбаймын десеңиз болбойт. Дүйнөнүн бардык жеринде мыйзам ушундай. Соттор чакырганда маа десеңиз президент болуңуз, маа десеңиз эл өкүлү, маа десеңиз министр болуңуз барууга аргасызсыз. Укуктун үстөмдүгүнүн түшүнүгү ушул»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар