ХДПнын 11 эл өкүлү камакка алынды

Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) 11 эл өкүлүнө террор териштирүүлөрүнүн алкагында операция уюштурулду.

603385
ХДПнын 11 эл өкүлү камакка алынды

Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) 11 эл өкүлүнө террор териштирүүлөрүнүн алкагында операция уюштурулду.

Кармалган эл өкүлдөрүнүн арасында ХДПнын теңтөрагалары Селахаттин Демирташ жана Фиген Йүксекдаг да бар.

Ички иштер министрлиги, «ПКК террор уюмунун пропагандасын кылуу», «кылмышты жана кылмышкерди мактоо», «элди кек сактоо жана душмандыкка үгүттөө», «куралдуу террор уюмуна мүчө болуу», «мамлекеттин биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга аракеттенүү» сыяктуу айыптар менен иш козголгонун жарыялады.

Түркия Улуу Улуттук жыйынында март айында кабыл алынган конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн кийин ар түрдүү партиялардан 148 эл өкүлүнүн кол тийбестиги жоюлган.

Террор териштирүүсүнүн алкагында кол тийбестиктери жоюлган ХДПнын эл өкүлдөрү болсо бир канча жолу чакырылганына карабастан түшүнүк бергени сотко барышкан эмес.

Ушул боюнча Диярбакыр, Хаккари, Ван, Шырнак жана Бингөл Республикалык жогорку прокурорлуктары тарабынан жүргүзүлгөн террор териштирүүлөрүнүн алкагында 11 ХДП эл өкүлүн  кармоо чечими чыгарылды.



Тектеш кабарлар