"Ал-Жазира" бир программасында Эрдогандын өмүр баянын берди

Али аль-Зуфейри алып абрагн «Эл Мукабеле» программасынын биринчи бөлүмүн президент Эрдоганга бөлдү.

603763
"Ал-Жазира" бир программасында Эрдогандын өмүр баянын берди

Катар борборлуу «Ал –Жазира» телеканалынын бир программасында президент Режеп Таййип Эрдогандын өмүр баянына орун берилди.

Али аль-Зуфейри алып абрагн «Эл Мукабеле» программасынын биринчи бөлүмүн президент Эрдоганга бөлдү.

Биринчи бөлүмдө Эрдогандын балалык чагынан тартып өспүрүм чагы, саясий турмушунун башталышынан президенттикке барган процесс каралды.

Программада саясий карьерасынан саптарга токтолгон президент Эрдоган, Стамбулдун мэри болуп турганда абакка түшүшүнө себеп болгон ырды да окуду.

Алып баруучу Эл Зуфейринин Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетин сурагандан кийин президент Эрдоган, ал түндө башынан өткөргөндөрүн да түшүндүрдү.

Президент: «Демократиянын аныктамасын кайрадан кылдык жана дүйнөгө мусулман кандай саясат кылаарын көрсөттүк. Лайцизмдин да аныктамасын кайрадан кылдык. Лайцизмдин бир убактарда Түркияда түшүнүлгөнү сыяктуу эмес экендигин айттык. Лайцизм, динди жана пикирди ар бир топтун өз каалаганындай жашоосу жана мамлекеттин бул коомчулуктардын ишеничтерин кепилдикке алуусу болуп саналат. Жолубузду башынан кайра ушундай чийдик»,-деди.

Президент төңкөрүш аракети түнүндө Грек аралдарына баруу сунушун четке какканын да айтты.

Эрдоган: «Бул жерлерде туулдум жана бул жерлерде өлөмүн. Башка эч бир жерге барууну ойлогон жокмун. «Лидер таштын артына жашынса эл тоонун артына жашынат» деген түшүнүк менен кыймыл кылдым. Лидер ар дайым аянттарда болсо эл аны ээрчийт»,-деп айтты.

Азирети Мухаммеддин жана анын сүннетинин өзүнүн жол картасы болгонун белгилеген президент Эрдоган, бул сүннетти жашаган сайын жаңылыштыктардан алыстаганын баса белгиледи.

Президент ээ болгон күчтүү кайрылуу жөндөмдүүлүгү жана адабиятка болгон кызыгуусунун Диний лицейде окуп жүргөндө башталганын, Мевлана Желалледдин Руми, Мехмет Акиф Эрсой жана Нежип Фазыл Кысакүрек сыяктуу ысымдардан таасир алганын баяндады.



Тектеш кабарлар