Террор чаян сыяктуу ал сизди чагат

Эрдоган Германиянын Түркиянын талабына терс жооп беришин сындады

603140
Террор чаян сыяктуу ал сизди чагат

Президент Режеп Тайип Эрдоган Германиянын Фетуллахчы террор уюмунун арткы бакчасына айланганына санаркоо жана таң калуу менен байкоо салганын белгилеп: «Берлин ФЕТӨнүн мүчөлөрүн коргоп калууну тандады»,-деди.

Президент Эрдоган баш калаа Анкарада уюштурулган «Жашаган адам казыналары-Келечекке өткөн мурастын өкүлдөрү» аттуу сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Көптөн бери Германияда жүргөнү аныкталган ФЕТӨгө мүчө прокурорлорду кармап өткөрүп берүү боюнча Түркиянын талабына терс жооп берилишин сындаган Эрдоган, бул өлкөнүн террорго калкан болгонун белгиледи.

Президент: «Германия уюмдун мүчөлөрүн коргоп калууну тандады. Сиз учурда террорго калкан болуп жатасыз. Сиз террорго жардам жана колдоо көрсөткөнүңүз үчүн тарых бою жоопко тартыласыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Ар дайым айтып келе жатамын, террор чаян сыяктуу ал сизди чагат. Террористтерге кучак жайган Германиянын абалын жакшы деп эсептебеймин»,- деген эскертүүсүн да айтты.



Тектеш кабарлар