Махмуд Аббас Анкарада

Махмуд Аббас расмий жолугушууларды өткөрүш үчүн борбор шаар Анкарага келди.

595953
Махмуд Аббас Анкарада

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас расмий жолугушууларды өткөрүш үчүн борбор шаар Анкарага келди.

Аныткабырга зыярат кылып Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар койгон Аббас, андан соң Мисак-и Милли мунарасына өтүп Аныткабырдын атайын дептерине кол койду.

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас дептерге буларды жазды: «Бул улуу өлкөнүн элине, мурдагы жана жаңы башкаруусуна урматтоомду билдирем. Ошондуктан улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн Түркия Республикасынын курулган убагында көрсөткөн чоң ролун мактоо менен айтабыз. Палестина калкынын улуу жол башчы Ататүрктүн рухуна, Эрдоган лидерлик кылган Түркия башкаруучулугуна жана түрк калкына салам айтууларын жеткиремин».

Аббас мавзолей зыяратынан кийин Түрки Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушуп, 15-июль төңкөрүш аракети убагында Түркия Парламентине ташталган бомбалардан зыянга учураган бөлүмдөрүн кыдырат.

Конок мамлекет башчы андан соң президент Режеп таййип Эрдогандын анын урматына бере турган кечки тамагына катышат.



Тектеш кабарлар