Франциянын тышкы иштер министри Түркияда

Расмий сапар менен Түркияга келген Айро, кечээ Газиантепке барса, бүгүн Анкарада жолугушууларды өткөрүүдө.

596030
Франциянын тышкы иштер министри Түркияда

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төкөрүш аракети дагы эле эсинде экенин айтып: «2016-жылы Түркияда дагы эле демократиялык жол менен шайланган өкмөткө каршы төңкөрүш аракети боло ала турганын кантип ойлой алат элек?»,-деп сурады.

Расмий сапар менен Түркияга келген Айро, кечээ Газиантепке барса, бүгүн Анкарада жолугушууларды өткөрүүдө.

Айро жолугушууларын баштоодон мурда «Хүррийет» гезитине маалымат берди.

Түркияда 15-июль түнү болгон окуялардын чыныгы шок таасирин жаратканын айткан француз министр, эртеси күнү сүйлөшкөн түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглун, бардык төңкөрүш жабырлануучуларын кайрат кылууга чакырганын, ошол эле учурда демокатратиялык мекемелердин корголушу үчүн түрк калкынын жана бардык саясий күчтөрдүн көз караш айырмачылыктарына карабай тик туруп эрдик көрсөткөнү үчүн салам бергенин түшүндүрдү.

Түрк бийликтеринин төңкөрүш аракетине катышкан кылмышкерлердин соттолуп жазаландырылуулары үчүн бардык нерсени кылууларын түшүнүү менен кабыл алгандарын айткан Айро: «Бир тараптан, Түркиянын учурда террордон баштап күрөшүүгө аргасыз болгон коркунучунун аз эместигин билебиз»,-деп айтты.

Франция жана Түркиянын ДЕАШка каршы түзүлгөн эл аралык коалициянын бирден мүчөсү болгонун эске салган Жан-Марк Айро, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Эркин Сирия армиясына колдоо көрсөтүш үчүн 24-августтан бери уланткан «Евфрат калканы» операциясын мактады.



Тектеш кабарлар