ПККсы да, ФЕТӨсү да, ДЕАШы да бир эле төбөлдүн балыктары

Нуман Куртулмуш Антальяда жергиликтүү бир телеканалда күн тартипке байланыштуу серебин салды.

593271
ПККсы да, ФЕТӨсү да, ДЕАШы да бир эле төбөлдүн балыктары

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Ирактын Мосул шаарын террор уюму ДЕАШтан тазалоо операциясына байланыштуу, «Өкүлдүк согуштары белгилүү бир жерге жетти. Эгерде Мосул аркылуу жаңы өкүлдүк согуштарын баштоо ниеттери бар болсо, анда ачык айтып коеюн бул үчүнчү дүйнөлүк согуштун билигин жагат»,-деди.

Нуман Куртулмуш Антальяда жергиликтүү бир телеканалда күн тартипке байланыштуу серебин салды.

Түркиянын абдан татаал аймакта, өтө оор күн тартиптер менен алпурушуп жатканын белгилеген Куртулмуш, бир тараптан террордук уюмдар ДЕАШ, ПКК жана ФЕТӨ менен күрөшкөнүн, экинчи тараптан да Сирия менен катар Иракта чоң саясий баш аламандык алып келген маселелер менен алпурушуп жатканын белгилеп кетти.

Ирактын Мосул, Сириянын Халеб жана Дамаск шаарларынын келечегинин Түркияны түздөн-түз алакадар кылганын баса белгилеген Куртулмуш, бул шаарлардын калктарынын бардыгынын дос, тууган жана тектеш коомчулуктар болгонун маалымдады.

Мосулда эки жылдан бери террор уюму ДЕАШтын басып алуусу уланганын түшүндүргөн Нуман Куртулмуш, Ирак башкаруучулугунан террор уюму ДЕАШка бир дагы ок атпастан Мосул шаарын тапшырганы, эл аралык жамааттан да эки жылдан бери кайда жүргөндөрүн сураш керектигин айтты.

Түркиянын Башика лагериндеги аскердик күчүнүн капыстан болбогонун, Ирактын борбордук өкмөтүнүн чакыруусу боюнча ал аймакка барганын эске салган вице-премьер, максатынын аймактын калкын террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн машыктыруу болгонун белгилеп өттү.

Түркиянын Башикадагы аскердик күчүнүн «бирөөлөр талап кылууда» деп соңуна чыга турган күч болбогонун да баса белгилеген Куртулмуш, Мосулду террор уюму ДЕАШтан тазалоо ишинин Хашди Шаби же ПЙД сыяктуу террор уюмдарына калтырбашы керектигин, буга Түркиянын уруксат беришинин мүмкүн эместигин айтты.

Түркиянын Мосул, Дамаск жана Халеб шаарларынын учурдагы статусунун корголушун каалаганын белгилеген Куртулмуш, Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында тазаланган Сириянын Жераблус аймагына 45 миң кишининин кайтканын баса белгиледи.

Террор уюмдарынын Түркиянын коопсуздугуна карай кыймылдарына сереп салган Нуман Куртулмуш: «Террор уюмдарынын аркасындагы эрктин бирдей экенинен кымындай да шегибиз жок. ПККсы да, ФЕТӨсү да, ДЕАШы да бир эле төбөлдүн балыктары» деген сөздөрдү айтты.



Тектеш кабарлар