Сириянын түндүгүндө көзөмөлгө алынган аянт кеңейип баратат (видео)

Операциянын алкагында Дабыкта да көзөмөл камсыздалышынан кийин Түркияга карай «Катюша» атууларга бөгөт коюлган болду.

591404
Сириянын түндүгүндө көзөмөлгө алынган аянт кеңейип баратат (видео)

Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында баштатылган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында кечээки салгалашууларда 9 оппозициячыл шейит болсо, 6 террорист жок кылынды.

Операциянын алкагында Дабыкта да көзөмөл камсыздалышынан кийин Түркияга карай «Катюша» атууларга бөгөт коюлган болду.

Түрк куралдуу күчтөрү колдоого алган сириялык оппозициячылдар Маренин чыгышында орун алган отурукташкан жерди да каратып алды.

Кыймылдын башталышынан бери 146 отурукташкан маала жана орто эсеп менен 1220 чарчы км аянт көзөмөлгө алынган болду.

Азез-Маре багыты менен Раинин түштүгүнүн ортосундагы аймак бириктирилип, чыгыш-батыш жана түндүк-түштүк багытындагы жол желелери көзөмөлгө алынды.

Коалициялык күчтөр тарабынан жүргүзүлгөн 2 абадан операцияда болсо 31 мина жана көпчүлүгү көмүлүп тузак салынган 1186 колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды.

Бир тараптан Түрк аба күчтөрүнүн командирлиги тарабынан «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Сириянын түндүгүндөгү террор уюму ДЕАШка таандык буталар атылды, ок-дары сактоочу жайы, штаб имараты жана баш калкалоочу жай катары колдонулган 4 бутанын таш талканы чыгарылды.



Тектеш кабарлар