Иран жаратылыш газ көлөмүн арттырат

Иран Түркияга жиберген жаратылыш газ көлөмүн арттырууну каалап жатат

588838
Иран жаратылыш газ көлөмүн арттырат

Иран улуттук жаратылыш газ фирмасы (NIGC)нын катчысы Нажид Бужарзаде 23 – дүйнөлүк энергетика конгрессиндеги маалыматында өлкөсүнүн эл аралык санкциялардын жоюлушунан мурда да Түркия менен жакшы мамиледе болгондугун, санкциялардын жоюлушу тууралуу карым – катнаштардын дагы да өнүгөрүн ойлогондугун айтты.

Азыркы учурда Түркияга күнүмдүк 30 миллион метр куб газ жиберишкендерин баса белгилеген Бужарзаде жакынкы убакта Түркияга жиберилген газ көлөмүн арттырууну максат кылышкандарын айтты. Арттыруу көлөмүнүн Түркиянын каалоосунун негизинде болорун билдирген Бужарзаде : «Түркия Иран газын Европага ташый алат. Айрыкча Орусиядан алган газды Греция аркылуу Европага да жибере алат. Бул киреше табуу үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк»,- деди.



Тектеш кабарлар