Тышкы иштер министринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Гиненин тышкы иштер министри менен Фетуллахчы террордук уюм менен кызматташтык тууралуу бирдей көз караш билдирилди

587764
Тышкы иштер министринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Мевлют Чавушоглу Гиненин тышкы иштер министри Хаджа Макале жана Франциянын тышкы иштер министри Жан Марк Айро менен  телефон аркылуу сүйлөштү. Макаленин талабы менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдө эки министр Фетуллахчы террордук уюм менен күрөшүүдө кызматташтык тууралуу бирдей көз карашты билдиришти.

Чавушоглунун Айро менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө болсо Франция сенатынын күн тартибинде орун алган тең укуктуулук жана жарандык мыйзам  долбоору каралды. Сүйлөшүүдө айрыкча эки тараптуу жолугушуу күнү жана Сириядагы абалдар сөз болду.



Тектеш кабарлар