Жаңы иш мүмкүнчүлүктөрү

Түрк жана сауд компанияларынын ортосунда келишимдерге кол коюлду.

587355
Жаңы иш мүмкүнчүлүктөрү

Стамбулдун жетекчилигинде өткөн 23-Дүйнөлүк энергетика конгресси жаңы иш мүмкүнчүлүктөрүн да түздү.

18 түрк компаниясы Сауд Арабстандын Улуттук мунай зат жана газ компаниясы менен келишимге кол коюшту.

Түркиянын энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак менен Сауд Арабстандын энергетика министри Халид Аль Фалих катышкан кол коюу аземинде стратегиялык өнөктөштүккө басым жасалды.

Келишимдердин эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга ылдамдык киргизээрин баса белгилеген Албайрак: «Энергетика тармагында Кытайдан кийин эң ылдам өскөн Түркия аймактык базар рыногу жана өнөктөш болууну улантат»,-деп айтты.

Сауд министр Ал Фалих  болсо: «Сауд Аравиянын 2030-жылга карата көз карашынын алкагында түрк компаниялары менен чогуу иштешүүнү каалайбыз»,-деди.

Ал Фалих кол коюлган келишимдердин жаңы долбоорлорго да даярдык мүнөзүндө экенин белгилеп, Түркия менен бирге үчүнчү өлкөлөрдө да иш жүргүзүүгө болоорун сөз кылды.



Тектеш кабарлар