Евразия ислам кеңеши

Тогузунчу  Евразия ислам кеңеши Стамбулда 11 – 14 -  октябрь күндөрү өткөрүлөт

585500
Евразия ислам кеңеши

 

Дин иштери башкармалыгынын жетекчилигинде өткөрүлө турган Евразия ислам кеңешинин негизги темасы «Евразияда ислам, диний кыянаттыкка каршы биримдик, тилектештик жана келечеги» болот.

Долмабахче сарайында ачылышы пландалган жана ДЕАШ террордук уюму да күн тартибине келе турган кеңештин бир отурумунун темасы болсо «Глобалдык коркутуу катары ФЕТӨ кыймылынын Евразияга чагылышы» болот.

Кеңешке Азербайжан, Белорусь, Босния - Герцеговина, Болгария, Эстония, Грузия, Хорватия, Казакстан, Черногория, Кыргызстан, Крым, Косова, Латвия, Македония, Монголия, Молдова, Румыния, Орусия, Словения, Тажикстан, Украина, Греция, Голландия, Швеция, Англия, Австрия, Италия, Германия, Бельгия, Франция, Швейцария, Египет, Индиянын өкүлдөрү катышат.

Кеңеш 14 – октябрь жума күнү жыйынтык билдирүүсүнүн окулушунан кийин аяктайт.

 



Тектеш кабарлар