Тебризде түрк тили бөлүмү ачылды

Фарс тили жана адабияты бөлүмү Анкара университетинде 1936 - жылы ачылган

585121
Тебризде түрк тили бөлүмү ачылды

Ирандын Тебриз шаарындагы университетте түрк тили жана адабияты бөлүмү ачылды. Тебриз университетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүнүн башчысы Ахмет Фершбафиян бул бөлүмдө билим ала турган студенттердин  сабактарын баштагандыгын билдирди.

Ахмет Фершбафиян университеттин жайгаштыруу бөлүмүнүн бул бөлүм үчүн 40 кишилик орундук ачкандыгын билдирген. Бирок кайрылуу саны 80 болуп, 40 студент кечки билим алууга катталды.

Түркияда болсо фарс тили жана адабияты бөлүмү Анкара университетинде 1936 -  жылдан бери студенттерди кабыл алууда. Фарс тили жана адабияты бөлүмү башка түрк университеттеринде да бар.



Тектеш кабарлар