Атуулдар Парламенттеги чечим чыгарууларды дагы көбүрөөк байкашы керек

Исмаиль Кахраман Австралиянын Таcмания провинциясынын Хобарт шаарында өткөрүлгөн МИКТА жыйналышына катышты.

583893
Атуулдар Парламенттеги чечим чыгарууларды дагы көбүрөөк байкашы керек

Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдун түнүндө төңкөрүш аракетин кылганын эске салып: «Террор темасында биргелешип кыймыл кылуу жана бардык мамлекеттердин, улуттардын дарты болгон бул балээге каршы туруу бардыгыбыздын милдетибиз болуш керек»,-деди.

Исмаиль Кахраман Австралиянын Таcмания провинциясынын Хобарт шаарында өткөрүлгөн МИКТА жыйналышына катышты.

Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия тарабынан куралган кыскача аталышы МИКТА болгон топтун Парламент төрагаларынын 2-жыйналышынын башкы темасы «ачык өкмөттөр жана ачык парламенттер» болду.

Парламент төрагасы Кахраман жыйналыштагы сөзүндө МИКТАнын мүчөлөрү катары аймактык жана эл аралык тынчтыкка колдоо көрсөтүү, бул топто орун алган өлкөлөрдүн арасындагы карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн керектүү иштерди биргелеше аткара тургандарын баса белгиледи.

Мамлекеттик саясаттар менен коомчулуктун каалоо жана муктаждыктарынын арасында так, ачык өкмөт жана ачык парламенттер менен камсыздала турганын белгилеген Кахраман: «Атуулдардын чечим чыгаруу процесстерин байкоо жана буларга катышуу мүмкүнчүлүгү канчалык көп камсыздалса ошончолук демократиянын да тактыгы артат»,-деп айтты.

Түркияда 15-июлда болгон төңкөрүш аракетине да токтолгон Кахраман: «Бардыгыңыздар байкадыңыздар. 15-июлдун түнүндө Фетуллахчы террор уюмунун бул мыкаачылык козголоңу кудайга шүгүр азиз улутумдун жапырт чогулуп, каршы турушу менен четке кагылды. Террор темасында чогуу кыймыл кылуу жана бардык мамлекеттердин, улуттардын дарты болгон балээге каршы туруу бардыгыбыздын милдети болуш керек»,-деп айтты.

Жыйналышта карала турган темалар жана чыгарыла турган чечимдердин дүйнө жана аймактын тынчтыгына салым кошо турганын айткан Кахраман, мүчө өлкөлөрдүн ынтымагы жана Австралиядагы меймандостук үчүн ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар