Өзгөчө кырдаал дагы 90 күнгө узартылат

Вице-премьер Нуман Куртулмуш өзгөчө кырдаалдын эмне үчүн узартыла турганын түшүндүрдү.

582119
Өзгөчө кырдаал дагы 90 күнгө узартылат

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Министрлер кеңешинде өзгөчө кырдаалдын 19-октябрдан баштап 90 күнгө узартылышына чечим чыгарылганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде өткөн жыйналыш уланып жатканда маалымат берген Куртулмуш, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылып берилишине байланыштуу Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтып: «Американын тийиштүү органдарынын милдеттерин аткарышы үчүн керектүү киришүүлөр жасалууда. Бул чечим Американын соту тарабынан чыгарылганга дейре бул кишинин кармалып турушун талап кылуудабыз. Жөнөтүлгөн дело буга байланыштуу талап болуп саналат. Бул кайрылуунун эң кыска мөөнөттө камсыздала турганын жана кадамдар таштала турганын үмүт кылуудабыз»,-деди.

«Евфрат калканы» кыймылына байланыштуу да маалымат берген Куртулмуш: «Сириянын жеринин бүтүндүгү корголушу, Түркиянын территориясынын ДЕАШ жана ЙПГдан баштап террор уюмдарынын кол салууларынан корголушу жана террор коридору түзүлүшүнө бөгөт болуш үчүн жүргүзүлгөн операция болуп саналат. Бул өзгөчө ДЕАШ менен күрөшүү болуп эсептелет. Бул аймактын коопсуз аймакка айланышы алдыңкы максаттарыбыздан бири. Операция чечкиндүүлүк менен уланат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар