"Ефрат калканы" кыймылы

"Ефрат калканы" кыймылына бүгүн 34 күн болду

577879
"Ефрат калканы" кыймылы

Сириянын түндүгүн террордук топтордон тазалоо үчүн Түркиянын жол башчылыгында 24 -  августта башталган "Ефрат калканы" кыймылына бүгүн 34 күн болду.

Сириянын түндүгүндө Эркин Сирия Армиясы жана террордук уюм ДЕАШтын ортосундагы кагылышуулар Америях, Талл Ар, Талл Ашах жана Ел Еййубиях аймактарында улантылууда.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 18 ДЕАШ террордук уюм бутасы, пушка октору менен 27 жолу атылды. Аскердик булактар операциянын алкагында жалпы 1307 бутага 5 миң 34 атуу болгондугун белгиледи. Айрыкча коалиция учактары тарабынан Амириях аймагында аныкталган буталарга 3 абадан кыймыл жасалып, 4 террор мүчөсү таасирисз абалга алып келинди. Ошол эле учурда 3  мина табылып таасирисз абалга алып келинди.

Ушундайча кыймылдын башталышынан бери жалпы 28 мина жана 981 граната таасирсиз абылга алып келинди. Бир тараптан Сирия чек арасында 1 даана  Байрактар учкучсуз аба унаасы менен чалгындоо жана байкоо иштери улантылууда.

Апаат жана чукул абал башкаруусунун төрагалыгы АФАД  жана Кызылайга таандык топтор менен Эркин Сирия Армиясынын кызматкери жана аймактагы жарандарга күндө үч маал ысык тамак берилүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар