Фетуллахчы террордук уюмдун лидери АКШдан качууга даярданууда

ФЕТӨ башчысынын качуу планын ортого чыгарган Түркия дароо аракетке өттү

576302
Фетуллахчы террордук уюмдун лидери АКШдан качууга даярданууда

Медиада орун алган маалыматтарга караганда 15 -  июлдагы козголоң кыймылы жолдомосун берген ФЕТӨ башчысы үчүн эми АКШ күндөрү соңуна чыгып баратат. Террор башчысынын Түркияга тапшырылбашы үчүн качуу планы түзүлүүдө.

ФЕТӨ башчысы 1999 – жылдан бери жашап жаткан Пенсильваниядан качат. ФЕТӨ башчысынын качуу планын ортого чыгарган Түркия дароо аракетке өттү.

Адилеттик министри Бекир Боздаг качуусуна бөгөт болуу үчүн АКШ мекемелеринен ФЕТӨ лидеринин чукул түрдө камалуусун талап кылышкандарын белгиледи.

Президент Р. Т. Эрдогандын АКШ сапарында Гүлен качышы мүмкүн болгон өлкөлөр тууралуу маалыматтар да билдирилди. Юстиция министри Боздаг : «Кээ бир өлкөлөрдө ФЕТӨ мүчөлөрү ылайыктуу жер издеп жатышат. Буга байланыштуу маалыматтарды алуудабыз»,- деп билдирди. Медиадагы маалыматтарга караганда ФЕТӨнүн лидери үчүн Бразилиядан баш калкалоо талап кылынды.

ФЕТӨ мүчөлөрү айрыкча Канада жана Бельгияда да даярдык көрүүдө. Лидерине жакын ысымдардан мурунку коопсуздук директору Ахмет Саит Яйланын Бельгияда бир чарба үйүн сатып алгандыгы белгиленүүдө.

Эмнеден бул өлкөлөр?

Канада менен Түркиянын ортосунда тапшыруу тууралуу укуктук жолдор жабылды. Эки өлкөнүн ортосунда кылмышкерлердин тапшырылышына байланыштуу келишим жок. Бразилия жана Бельгия менен укуктук процесс иштеп, кылмышкерлерди тапшыруу келишими бар. Бирок Брюссель менен Анкаранын арасында бул келишим кагаз жүзүндө гана. Ушул күнгө чейин Бельгия ПККлык жана DHKP-C террористтерин Түркияга тапшырбады. Сабанжы кол салуусунун кылмышкерлеринен Фехрийе Эрдал бул абалга мисал боло алат.



Тектеш кабарлар