Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

Чавушоглу Чех республикасы жана Парагвайдын тышкы иштер министрлери менен да жолугушуу өткөрдү

574887
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу БУУнун Жалпы Кеңешине катышуу үчүн барган АКШнын Нью – Йорк шаарында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Чавушоглу  АКШлык Республикачыл партиясынын Висконсин сенатору, тышкы карым – катнаштар комитетинин Европа жана аймактык коопсуздук кызматташтыгынын алдыңкы комитетинин төрагасы Рон Жонсонду кабыл алды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда Чавушоглу Жонсонго Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылы жана андан кийинки абалдар тууралуу маалымат берди.

Чавушоглу ФЕТӨнүн лидери Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу АКШдан күтүүлөрүн да билдирди. Сүйлөшүүдө ок атууларды токтотуунун эрежелерин бузуу башта болуу менен Сириядагы акыркы абалдар жана террордук уюм ДЕАШ менен күрөш темалары да каралды.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен да жолугушту. Жолугушууда Кипрде улантылып жаткан сүйлөшүү процессин карап чыгышты. Жолугушууда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түркиядагы өкүлүнүн күчтөндүрүлүшү, жаңы башкы консулдуктардын ачылышы сөз болду. Мевлют Чавушоглу Мали, Кения, Кот-д’Ивуардын тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Түркиядагы козголоң кыймылы ФЕТӨ террордук уюмунун максаттары, түзүлүшү тууралуу маалымат берди.

Министр Чавушоглу ФЕТӨ террордук уюмунун көптөгөн Африка өлкөсүнүн ырааттуулугун коркутушу мүмкүн экендигин баса белгиледи. Чавушоглу Чех республикасы жана Парагвайдын тышкы иштер министрлери менен да жолугушуу өткөрдү.  



Тектеш кабарлар