Түркия - АКШ экономикалык карым - катнашы

Өмер Жихад Вардан Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмүнүн өсүүсү керектигин айтты

575128
Түркия - АКШ экономикалык карым - катнашы

Тышкы экономикалык карым – катнаштар кеңешинин төрагасы Өмер Жихад Вардан Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмүнүн өсүүсү керектигин айтты.

Түркия жана АКШнын бир бирине карата экономикалык карым – катнаштарына токтолгон Вардан : «Түркия менен АКШнын ортосундагы соода көлөмүнүн деңгээлинен ыраазы эмеспиз. Мунун арттырылышы керек»,- деди. Вардан 2008 -  жылдагы глобалдык финансылык кризис жана жалпы дүйнөдөгү төмөн болгон инвестиция, өндүрүш жана соода деңгээлине карабастан Түркиянын глобалдык өсүүнү «сабырдуулук» менен колдоого алуунун улантыларын баса белгиледи. Түркиянын чет элдик инвестицияны тартууну улантып жаткандыгын жана экономикалык өсүүнү улантканына көңүлдөрдү бурган Вардан : «Түркиянын жалпы 126 өлкө менен соода карым – катнашы бар. Түркияга инвестиция салгыла, Түркияны соода борбору катары колдонгула»,- деди.

Түркия – АКШ иш кеңеши ТАИК башкаруу кеңешинин төрагасы Эким Алптекин да түрк экономикасынын 2008 -  жылдагы глобалдык финансылык кризиске карата чыдамдуу» болгондугуна көңүлдөрдү бурду. Алптекин президент Р. Т. Эрдогандын тең салмаксыз экономикалык шарттарда өлкө экономикасын ийгиликтүү башкаргандыгын айтып, мунун күчтүү экономикалык саясаттардын  жыйынтыгы экендигин белгиледи. Түркия менен АКШнын ортосундагы экономикалык карым – катнаштардын каалаган деңгээлде эмес экендигин белгилеген Алптекин экономикалык жана соода байланыштарын күчтөндүрүү үчүн дагы көп кадам ташталышы керектигин сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар