Түркиянын келечеги билим берүү менен камсыздалат
Президент Режеп Таййип Эрдоган 2016-2017 окуу жылынын башталып жатканынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.
![Түркиянын келечеги билим берүү менен камсыздалат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/aef5/bdeb/0dbf/57de664566f04.jpg?time=1718552221)
ТРнын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын 2023-жыл максаттарына жетүүсү үчүн эң чоң салым билим берүүдө жетишкен ийгиликтер менен камсыздала турганын белгилеп кетти.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 2016-2017 окуу жылынын башталып жатканынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.
Анда Түркияга карай коркунучтардын эң көп залакасын тийгизген тармактардын башында билим берүү турганын баса белгилеп, 15-июлдагы төңкөрүш аракетине токтолгон президент, «Түркия, билим берүү системасына кирип кеткени түшүнүктүү болгон, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде орун алган чыккынчы бандалар залакасын тийгизген билим берүүдөгү кемчиликтерди ылдам толуктап жолун улантат»,-деди.
Бул жагынан алып карасак мамлекет жана улут катары мектептерибизге, мугалимдерибизге, окуучуларыбызга, балдарыбыздын аң-сезим дүйнөсүн формаландырган окуу программасына, китептерге абдан жакшы ээлик кылуу керектигин белгилеген президент Эрдоган: «Өткөнүн абдан жакшы билген, учурун абдан жакшы түшүнгөн, келечекке карай абдан чоң кыялдануулары болгон муундар 2053 жана 2071-жыл көз караштарыбыздын да кепилдиги болот»,-деди жана жаңы окуу жылынын пайдалуу болушун, ийгиликтерге толгон жыл болушун тиледи.