Мыйзамсыз жолдор менен Грецияга өтүп бараткандар кармалды

Мыйзамсыз жолдор менен Европа тарапка өтүүгө аракет кылгандардын айрымдары кармалууда.

569985
Мыйзамсыз жолдор менен Грецияга өтүп бараткандар кармалды

Измирдин Чешме районунда мыйзамсыз жолдор менен Грециянын Сакыз аралына өтүүгө аракет кылган 3 башка кайыкта көпчүлүгү Сирия тектүүү 161 качкын кармалды.

Чешмени кыдырып жүргөн жээк коопсуздук топтору, Далян мааласынын Уч бурун жергесинин жээгинде чет элдиктерди ташып бараткан кайыкты байкап калды.

Кайыкты токтоткон топтор 58 чет элдикти жээк коопсуздугу яхтасына салды. Арасында көп сандаган балдар да орун алган качкындар, Чешме портуна алып келинди.

Коопсуздук топтору Чивтлик мааласынын Караабдуллах тумшугунун жээгинде да үйлөтүлгөн 2 кайыкты байкап калды.

2 кайык тең токтотулуп арасында балдар жана аялдар да болгон көпчүлүгү сирия тектүү 103 киши Чешме портуна алып барылды.



Тектеш кабарлар