Түрк куралдуу күчтөрүнүн маалымдоолору

Ирактын түндүгүндөгү Авашин/Басян жана Кандил аймактарына Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык согуштук учактар менен жүргүзүлгөн абадан операциялар.

569739
Түрк куралдуу күчтөрүнүн маалымдоолору

Ирактын түндүгүндөгү Авашин/Басян жана Кандил аймактарына Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык согуштук учактар менен жүргүзүлгөн абадан операцияларда 13 террорист жок кылынды.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ирактын түндүгүндөгү Авашин/Басян жана Кандил аймактарына чалгындоо маалыматтарына ыкчам жооп берүүнүн натыйжасында Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык согуштук учактар менен абадан операциялар жүргүзүлдү.

Авашин/Басян аймагында жикчил террор уюмуна таандык 2 динамикалуу бута абадан чабуул менен бомбаланды. Алгачкы белгилөөлөргө караганда 9 террорист жок кылынды.

Ошол эле Авашин/Басян  аймагында белгиленген бир динамикалуу бута, бир курал сактоочу жай абадан операция менен бомбаланды жана жок кылынды. Алгачкы белгилөөлөргө караганда курал сактоочу жайдагы бир киши менен кошо 4 террорист жок кылынды.

Кандил аймагында белгиленген бир дочка курал бутасы да абадан чабуул менен талкаланды, андагы террорист да жок кылынды.



Тектеш кабарлар