Чоң жыйырмалык жана геосаясий абал

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын макаласы

569032
Чоң жыйырмалык жана геосаясий абал

Түркиянын Сириядагы максаты ачык айкын: Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо, кандайдыр бир этникалык же секталык кагылышуудан алыс туруу жана бардык сириялыктарды камтый турган мыйзамдуу жана туруктуу саясий тартипке өтүүсүн колдоо болуп саналат.

Кытайдын Ханчжоу шаарында 4-5-сентябрда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммити, дүйнөнүн эң чоң экономикаларынын лидерлерин дүйнөлүк экономика жана климаттык өзгөрүү боюнча тыгыз күн тартипти сүйлөшүү үчүн жолугуштурду.

Бирок саммитте өзгөчө террризмге каршы күрөшүү, баш калкалоочу кризиси жана Сирияда уланып жаткан согуш сыяктуу орчундуу геосаясий маселелер да каралды.

Геосаясий абал жана өзгөрүүлөр ушул сыяктуу жыйындардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири жана бул жыйын да күтүүсүз эмес.

Терроризмдин күчтүү жана чечкиндүүлүк менен күрөшүлүшү керек болгон дүйнөлүк коркунуч экени боюнча макулдашылганына карабастан, кимдир бирөөлөрдүн террорист экени жөнүндөгү келишпестиктер уланып жатат.

Эл аралык коомчулуктун Сириядагы согушту токтотууда жана ДЕАШ терроризми жараткан коркунучту жоюуда көрсөткөн ийгиликсиздик, геосаясий жактан күчтүүлүк аракети менен жакындан байланышкан жана тилекке каршы Сирия согушу бул күчтүү болуу аракеттеринин негизги сахнасы болууну улантчудай көрүнүүдө.

Бул абалга карабастан, дүйнөлүк лидерлер аянттагы жаңы динамикага тыгыз кызыгуу көрсөтүштү. Түрк чек араларын ДЕАШтан тазалаган жана Азез менен Жераблус шаарларынын ортосунда жашаган он миңдеген сириялыкты куткарган Түрк куралдуу күчтөрү 24-августта башталган «Евфрат калканы» операциясын улантып жатат.

Бул кыймыл бир эле учурда акыркы эки жылдан бери көптөгөн кыйынчылыкка дуушар болгон Эркин Сирия армиясы үчүн да аскердик жеңиш жана моралдык колдоо болду. Өзгөчө «Евфрат калканы» операциясы, эл аралык актерлор колдоо көрсөтсө да көрсөтпөсө да Түркиянын ДЕАШты жок кылуудагы чечкиндүүлүгүн далилдеди.

Аскердик операция менен катар «Евфрат калканы» кыймылынын диломатиялык жана саясий ийлиги да эске алынышы керек.

Түркиянын Орусия жана Иран менен болгон байланыштарын өнүктүрүү аракеттери, Сирияда акыркы аскердик иш-чараларынын толук колдоо табышы үчүн пайдубал даярдалышына жардамчы болду.

Муну баса белгилей кетели; Түркия чек араларында өзүн-өзү коргоо укугун колдонууда. Ошондой эле Түркия аскердик операцияларды аянтта кандайдыр бир кагылышууларга туш болбоо үчүн тийиштүү тараптарлар менен координациялуу жүргүзүп жатат.

Бул жеңиш, көп жагынан маанилүү болсо да Сирия табышмагынын бир бөлүгү. Халебдеги барган сайын начарлаган абал, Сириядагы бардык үлүшчүлөр үчүн чоң тынчсыздануу алып келет.

Күтүлгөндөй мусулмандардын Курман Айт майрамынын алдында душмандыктарды соңуна чыгаруу макулдашуусунун жарыяланышы АКШ, Орусия жана Түркиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде эле.

Келишим Халеб менен чөйрөсүндөгү эл муктаж болгон дем алуу мүмкүнчүлүн камсыздайт. Келишим аркылуу түштүктө Дамасктан жана түндүктө Түркиядан келе турган гуманитардык жардамдын таркатылышы жеңилдейт. Ошондой эле келишим эгерде уланса, режим жана оппозициячылдардын ортосундагы саясий сүйлөшүүлөрдүн БУУнун карамагында кайрадан баштатылышы үчүн да чөйрө жаратат.

Ок атууну токтотуу үчүн макулдашуу түзүү өзүнчө нерсе, согушту соңуна чыгарууну максаттоо болсо өзүнчө нерсе.

Беш жылдан бери уланып келе жаткан Сирия согушу, жергиликтүү жана убактылуу ок атпоолорду чоң жеңиш катары белгилегенге чейин алып барып, ар кимдин шайын оодарды. Күн сайын ондогон адам каза болгон Сирияда ал эмес бир кишини куткаруу үчүн түзүлгөн макулдашуулардын бардыгын ар ким колдоп, туруктуу максат согушту соңуна чыгаруу болушу керек. Сириянын жерлеринде терроризмди жоюу, баш калкалоочу кризисин көзөмөлдөө жана Сирия элинин кайрадан мурунку жашоосун улантуусу үчүн жалгыз жол ушул болуп саналат.

Ошондуктан бул абал мени баш калкалоочу маселесине алып барууда.

Өткөн кылымдын акыркы жарымында болгон эң орчундуу баш калкалоочу кризистерине Европанын мамилеси уят кылуучу эле. Европалыктардын көпчүлүгү биз глобалдашкан жана бири-бирибизге байланышкан дүйнөдө жашабаган сыяктуу мамиле кылууда жана тескерисинче баш калкалоочу маселеси алыстап кетээрин же б.а «Чыгыштыктар» үчүн маселе бойдон калаарын ойлоп жатышат.

Андан да жаманы негизги агым болгон Европа саясаты, мыйзамсыз көчтү токтотуу жана Европанын таза жана маданияттуу көчөлөрүн коргоо үчүн колдоо тапкан улутчулдук жана радикалдуу агымдар менен барган сайын бузула баштады. Бул ахлактык жактан да саясий жактан да кабыл алынгыс абал. Эгерде Европа баш калкалоочу кризисине чындап эле маани берип жатса6 Сириядагы согушту соңуна чыгаруу, ал жерде Иракта жана аймактагы башка жерлерде тынчтык жана тартиптин камсыздалышына жардамчы болуу үчүн дагы да чоң жана олуттуу жоопкерчиликтерди алуусу керек. Түркиянын Сириядагы максаты так: «Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо, кандайдыр бир этникалык же секталык кагылышуулардан алыс туруу жана бардык сириялыктарды камтыган мыйзамдуу жана кеңири саясий тартипке өтүүсүнө колдоо көрсөтүү.  

ПКК үгүттөөсүнүн тескерисинче Түркия Сирияда күрттөр менен согушпай эле. Бир гана ПККнын Сириядагы канаты болгон «Элдик коргоо бирикмелеринин» (ПЙГ) террордук кол салууларына каршы өзүн жана сириялыктарды коргоп жатат. Бул абалга «Сириялык күрттөргө» каршы согуш катары сереп салынышы эң эле акылга сыйбаган кыймыл болуп саналат. Түркиянын Сириядагы, Ирактагы же Ирандагы күрттөр менен эч бир маселеси жок. Түркиянын террордук уюмдар менен маселеси бар. ПККга жана анын уландыларына каршы күрөшүү да Сирия же башка жерлердеги күрттөргө каршы башталган күрөш эмес. Биз мусулмандардын Курман айт майрамын жана ажылык зыяратын белгилөөгө даярданып жатканда, дүйнөдөгү сансыз күнөөсүз элдер менен бирге Сирия элинин да дем алышы жана бүткүл адамдар сыяктуу тынчтык жана бакубаттыкта жашоосу үчүн үмүт жана дуба кылалы.



Тектеш кабарлар