Түркия өзүнүн космостук агенттигин курат

Түркия менен Япониянын ортосунда ушул жааттагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду.

568317
Түркия өзүнүн космостук агенттигин курат

Түркия, Космостук агенттик куруу боюнча так кадамдарды таштады.

Транспорт,байланыш жана деңиз иштери министрлиги менен Япониянын авияция жана космостук изилдөө агенттигинин ортосунда космос жана космостук технологиялар боюнча кызматташтык келишимине борбор калаа Анкарада кол коюлду.

Кол коюу аземине транспорт,байланыш жана деңиз иштери министри Ахмет Арслан, Япониянын космостук саясаттары боюнча жооптуу мамлекеттик министри Йосуке Цуруко жана аны коштогон делегация катышты. Түркия менен Япониянын 6 жылдан бери космостук изилдөөлөр жаатында чогуу кызмат кылганын белгилеген министр Мехмет Арслан, Япониянын авиация жана космостук изилдөөлөр агенттиги менен Стамбул техникалык университетинин чогуу өнүктүргөн сыноо спутнигинин үстүбүздөгү жылдын акырында Япониядан космостук орбитага жайгаша турганын андан соң космостук станцияда биргелешкен сыноо иштерин өткөрө тургандарын белгиленди.

Келишим боюнча Түркияда космостук системаларда колдонуу үчүн өндүрүлгөн материал, Япония менен бирге эл аралык космос станциясында сыналат.

Айрыкча жылдын акырында Түркия менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын алкагында орбитага сыноо спутниги учурулушу пландалып жатат.



Тектеш кабарлар