«Евфрат калканы» операциясы уланып жатат

ДЕАШка таандык буталар жок кылынды

568396
«Евфрат калканы» операциясы уланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ДЕАШ менен катар террордук уюмдарга каршы Сириянын Жераблус аймагына жүргүзгөн «Евфрат калканы» операциясы уланып жатат.

Операциянын алкагында Кантара, Эш Шехид, Эль Хумран жана Ташлыхүйүк аймагы көзөмөлгө алынды.

Террордук уюм ДЕАШка таандык 12 бутага 51 «Фыртына» пушкасы атылды.

Ушундайча кыймыл башталгандан бери 457 бутага 2 миң 32 жолу ок атылды.

Аба күчтөрүнө таандык учактар да ушул эле убакытта Кантаранын түштүгүндө, террордук уюм ДЕАШка таандык 3 батаны жок кылышты.

Коалиция күчтөрүнө таандык согуштук учактар тарабынан да Яхмул аймагында ДЕАШка таандык куралчан унаа жок кылынды.



Тектеш кабарлар