ЙПГ темасында АКШ менен макулдашуу түзүлгөн жок

Ибрахим Калын террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ темасында АКШ менен макулдашуу түзүлбөгөнүн айтты.

566595
ЙПГ темасында АКШ менен макулдашуу түзүлгөн жок

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ темасында АКШ менен макулдашуу түзүлбөгөнүн айтты.

Калын жеке менчик бир телеканалдын суроолоруна жооп берди.

ЙПГ темасында АКШлыктар менен макулдашуу болбогонун айткан Калын: «Мүнбичтен ЙПГнын бардык элементтери тазаланышы боюнча принцибибизди улантабыз. АКШ ЙПГнын Эвфраттын чыгышына чегингенин айтууда. ЙПГ чегингенин биздин булактар ырастаган жок. ЙПГ элементтери Евфраттын батышына өтсө биз үчүн мыйзамдуу бута болушат»,-деп айтты.

Калын мындай улантты: «ЙПГ жана ПЙД, ПККнын уландысы. Бир террор уюмун башка бир террор уюму менен жок кылдыра албайсын. Биз Сириянын жеринин бүтүндүгү сакталгыдай түрдө ДЕАШ менен күрөшүлүшүн каалайбыз».

«Евфрат калканы» операциясы жана Сирияда болуп жаткандарга да токтолгон Калын, президент Эрдогандын Чоң жыйырмалык саммитинде Обама жана Путин менен Халеб (Алеппо) темасында өзүнчө бир жолугушуу өткөргөнүн айтты.

Калын Халебде ок атпоонун качан баштала турганына карай суроого «Акыркы ок атпоо келишимин күтүүдөбүз. Кааларыбыз майрамдан мурда ок атпоонун болушу»,-деп айтты.

«Евфрат калканы» операциясынын ийгиликтүү жүрүп жатканын жана ДЕАШтын мүчөлөрүнүн Түркиянын чек арасынан тазаланганын белгилеген Калын, операцияга Орусиянын лидери Путин да колдоо көрсөткөнүн айтты.

Кытайда болгон Чоң жыйырмалык саммитине да токтолгон Калын: «Террор менен күрөшүү, качкындар маселеси алдыга чыккан темалар эле. Президентибиз жана калган лидерлер бул теманы кеңири түрдө карап чыгышты»,-деди.

Президент Эрдогандын эки тараптуу жолугушууларында 15-июль төңкөрүш аракетин жана ФЕТӨнү түшүндүргөнүн айткан Калын, жолугушуулардын абдан жемиштүү өткөнүн белгилеп кетти.

Калын ЕБне визасыз режимдин жылдын акырына кечеңдетилгени жөнүндөгү айтымдарга да мындай жооп берди: «Визасыз режимде жылдын акыры сыяктуу күн белгиленген жок. Бул теманын тез арада ишке ашырылышы темасында процесстин ылдамдатылышы чечими чыкты. Визасыз өтүү жана Артка кайтарып алуу келишими бир убакта ишке ашырылышы керек. Франция, Германия, Италия менен Президентибиздин жолугушуулары болду».



Тектеш кабарлар