Терроризм башкача формага өттү, булар менен жапырт күрөшүү керек

Эрдоган Түркия катары глобалдык соодадагы өсүүнүн күчтөндүрүлүшүнүн маанисин да алдыңкы планга чыгаргандарын түшүндүрдү.

565808
Терроризм башкача формага өттү, булар менен жапырт күрөшүү керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган батыштык өлкөлөрдүн баш калкалоочу темасындагы жикчил мамилелери адамзатты уят кылуучу болгонун айтты.

Сирияда 2011-жылдан бери 600 миң адам каза болгонун айткан президент Эрдоган, дагы эле мыкаачы Асаддын кызматта турушун жактоонун кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Эрдоган Чоң жыйырмалык саммити үчүн барган Кытай Эл Республикасынан кетээрден мурда маалымат жыйын өткөрдү.

Сирияда коопсуз аймак түзүлүшү боюнча альтернативасын мындан мурда бир топ жолу сунуштаганын белгилеген Эрдоган, эч бир өлкөнүн бул темада так кадам таштабаганын, жаңы өлкөлөрдүн да аянтка чыгышы менен Сирия кризисинин дагы курч абалда болгонун белгилеп кетти.

Качкындар маселеси темасында жакшы сынактан өтүлө электигин баса белгилеген президент, 3 миллион сириялык жана ирактыкты камтыган Түркиянын бул тармакта жарандык коомдук уюмдар менен бирге 25 миллиард доллардан ашуун каржылоо жасаганын түшүндүрдү.

Терроризмдин болсо башкача формага өтүп бүткүл дүйнөнү коркунучка салганын айткан Эрдоган, Түркияда 15-июлда болгон төңкөрүш аракетин да Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичине кирип кеткен бир топ жасаганын, мунун болсо террордун жаңы формасы болгонун баса белгиледи.

Эрдоган бул террористтер мүчөсү болгон Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн 170 өлкөдө дагы таасирдүү экенин белгилеп: «Бул өлкөлөрдүн бардыгын эскертемин, кайдыгер болбоого чакырамын. Ошондой эле апаат сиздин да башыңызга түшүшү мүмкүн»,-деди.

ДЕАШ, ПКК, ПЙД, ЙПГны өз өзүнчө караган түшүнүктүн  ташталышы керектигин баса белгилеген Президент: «Террористтин жакшысы жаманы болбойт. Булардын арасында айырмачылык кылынса бумеранг сыяктуу бурулуп келип ошол өлкөнү урат»,-деди.

Бул уюмдар менен күрөшүүдө Түркиянын чечкиндүүлүгүнө токтолгон Эрдоган, Сирияда 24-августта башталган «Эвфрат калканы» кыймылынын максатынын да бул экенин, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө доо кетирүү болбой турганын баса белгиледи.

Саммит убагында глобалдык өсүүнүн узун мөөнөттө туруктуулугун камсыздоо үчүн иштер актарылганын түшүндүргөн Эрдоган, Түркиянын бул саммитте өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүп бара жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдү да камтыган өнүгүү түшүнүгү менен кыймыл кылынышы керектигин баса белгиледи.

Түркия катары глобалдык соодадагы өсүүнүн күчтөндүрүлүшүнүн маанисин да алдыңкы планга чыгаргандарын түшүндүргөн Эрдоган, бул тармактагы рецессиянын жолу ачылышы шарт экенин айтты.

Президент Эрдоган: «Ошондуктан чоң көлөмүн өзүндө чогулткан өлкөлөрдүн кезек жүк бөлүшүүгө келгенде жоопкерчиликтен качуулары кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Президент саммит убагында 3-4-5-сентябрь күндөрүндөгү эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды да түшүндүрүп, бардыгынын тең оң атмосферада баратканын белгиледи.



Тектеш кабарлар