Террористтер менен күрөшүүдө жаңы ыкмалар колдонулат

Чукуржа районунун элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда башталган кагылышуударда 2 аскер шейит болду.

565414
Террористтер менен күрөшүүдө жаңы ыкмалар колдонулат

Премьер-министр Бинали Йылдырым террор менен күрөшүүнүн мындан ары коргонуу эмес чабуул түрүндө боло турганын айтты.

Йылдырым Хаккаринин Чукуржа районунда аскердик бөлүктөрдү кыдырып чыкты.

Анда 15-июлдагы төңкөрүш аракетине кайрылган өкмөт башчы Йылдырым, Түркиянын мындан ары террор менен күрөшүүдө жапжаңы ыкманы колдоно турганын жана жапжаңы жол картасына киргенин айтты.

Террор менен күрөшүүдө мындан ары коргонуу эмес чабуул кое тургандарын баса белгилеген өкмөт башчы, террористтердин турган жеринде тыптыйпыл кылына турганын белгилеп кетти.

Хаккаринин Чукуржа районунун элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда башталган кагылышуударда 2 аскер шейит болду.

Чукуржага караштуу Чаглаян аймагынын Дагбашы, Кале жана Сени Тепеде уланган операцияларда таңга маал жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү болгон бир топ террорист менен ок атышуу башталды.

Анда алгачкы белгилөөлөргө караганда 2 аскер шейит болуп, аймактагы операциялар жана жер-жерде катуу кагылышуулар уланып жатат.



Тектеш кабарлар