Эрдоган Өзбекстанга көңүл айтты

Эрдоган келечекте Түркия менен Өзбекстандын өз ара ишенимдин негизинде кызматташа тургандарына ишенгенин билдирди.

564530
Эрдоган Өзбекстанга көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтканы боюнча өзбек калкына көңүл айтуусун билдирди.

Президент Эрдоган Өзбекстандын Сенат төрагасы Нигматуллах Йолдашов, премьер-министр Шевкет Мирзаев жана маркумдун жубайы Татяна Акбаровна Керимовага өз өзүнчө көңүл айтуу телефграфын жөнөттү.

Түрк калкынын атынан өзбек калына көңүл айтуу тилектерин билдирген президент Эрдоган, жиберген билдирүүсүндө Өзбекстандын акыркы чейрек кылымда ийгиликтүү өнүгүүгө жетишип аймагында жана дүйнөдө маанилүү өлкөгө айланганына көңүл бурду.

Президент көңүл айтуу билдирүүсүндө Түркия жана Өзбекстандын алдыбыздагы процессте эки тараптуу, аймактык жана эл аралык платформалардагы кызматташуусун өз ара ишенимдин негизинде элдеринин пайдасына чечилгидей түрдө аткара тургандарына ишенгенин да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар