Хаккари жана Шемдинлиде террористтер кол салды

Террордук кол салууларда 4 аскер шейит болду, 4 аскер жана 1 жаран жаракат алды.

561050
Хаккари жана Шемдинлиде террористтер кол салды

Хаккари-Ван автожолунун текшерүүсүн кылган коопсуздук күчтөрү террор уюму ПККнын мүчөлөрү тарабынан жолго жарылуучу зат жайгаштырылганын байкап калды. Тузак салынган жарылуучу зат коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынууга аракет кылынып жатканда террор уюмунун мүчөлөрү тарабынан алыс аралыктан жардырылды. Анда 1 аскер шейит болуп, 3 аскер жаракат алды.

Аймакка өткөрүлгөн кошумча бөлүктөр, бөлүүчү террор уюму ПККга мүчө террористтердин жок кылынышы үчүн операцияларын баштады.

Шемдинли районунда болсо Саманлы-Жедикан аймагында операцияга чыккан аскерлерге чек аранын ары жагынан минометтун огу атылып 1 аскер шейит болду, бир аскер жаракат алды.

Окуя болгон жерге барган тез жардам унааларынан биринин айдоочусун да террористтер ок атып жарадар кылышты.

Коопсуздук күчтөрү кол салуу болгон чек аранын ары жагындагы аймакты миномет жана танкалар менен аткылашты.

Дагы эле уланып жаткан кагылышууларда 10 террорист жок кылынды.

Вандын башкале районунда да 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.



Тектеш кабарлар