Баш аламандык чыгаргысы келгендердин ойлорун таш капты

Президент Эрдоган Газиантептеги «15-июль Демократия» аянтында уюштурулган митингге катышып атуулдарга кайрылды.

561182
Баш аламандык чыгаргысы келгендердин ойлорун таш капты
cumhurbaşkanı erdoğan gaziantep'te.jpg
cumhurbaşkanı erdoğan gaziantep'te.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган террордук уюмдарга карай операцияларды алардын тамыры үзүлгөнгө чейин уланта тургандарын айтты.

Газиантепте 20-августта террор уюму ДЕАШ кылган жана 54 киши каза болгон жанкечтилик кол салуудан кийин «Биримдик, ынтымак жана туугандык» митинги уюштурулду.

Президент Эрдоган Газиантептеги «15-июль Демократия» аянтында уюштурулган митингге катышып атуулдарга кайрылды.

Эрдоган Түркиянын террор уюмдарынын жана террордук ыкмалардын эч бирине моюн сунбаганына көңүл буруп, 20-августтагы кол салуунун максатынын коомдук баш аламандыкты чыгаруу болгонун баса белгиледи.

Эрдоган: «Атуулдарыбыздын этникалык тегине, саясий көз карышына карап бул кол салуу менен аларды үгүттөй тургандарын ойлогондордун дагы бир жолу ойлорун таш капты»,-деди.

Сириянын Жераблус аймагынын ДЕАШтан тазаланышы үчүн жүргүзүлгөн «Эвфрат калканы» операциясына да токтолгон Эрдоган: «Жераблустун өз ээлери эми Жераблуска жайгаша баштады. Газиантептеги жераблустук туугандарыман жераблуска кайтууну каалагандарга ар түрдүү колдоону көрсөтөбүз»,-деп айтты.

Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети да президент Эрдогандын күн тартибинде эле.

Митинг аянтындагы атуулдардын «өлүм жазасын талап кылабыз» түрүндөгү ураандары боюнча да президент Эрдоган, улуттун бул талабынын чечимин Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын чыгара турганын белгилеп кетти.

Эрдоган: «Сиздин бул талабыңызды мен аларга жеткирдим, бүгүн ошондой эле бул жерден да билдиремин. Муну талкуулашы керек жана андан кийин чечим чыгарышы керек, чечим чыгаруу алдыма келгенде да мен бул мыйзамды бекитем»,-деди.

Эрдоган ФЕТӨ менен күрөшүүнүн алкагында дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө телефон чалгандарын айтып, «Мамлекет жана өкмөт башчылары менен сүйлөшүүдөбүз. Аларга «же аны же бизди танда» деп атабыз»,-деди.

Президент Эрдоган бири-бирине каршы болуп көрүнгөн террор уюмдарынын чындыгында бир эле борбордон башкарылганын баса белгилеп, бул уюмдун бардыгынын аркасында бир жүз турганын билгендерин, мындан ары бул кирдүү оюндан баш тартышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар