ЖХПнын конвоюна кол салуу болду (видео)

ЖХПнын лидери Кылычдароглунун коопсуздук күчтөрү тарабынан коопсуз аймакка жеткирилгени белгилүү болду.

559329
ЖХПнын конвоюна кол салуу болду (видео)

 

 

Артвинде Жумурият элдик партиясынын (ЖХП) жетекчиси Кемал Кылычдароглу да арасында бараткан конвойго токойлуу аянтта ок атылды.

Конвойду коргоо үчүн милдеттендирилген жандармериянын унаасынан дароо жооп кайтарылып кагылышуу болду.

Окуяга байланыштуу ачыктоо жасаган Ички иштер министри Эфкан Ала кол салуунун бөлүүчү террор уюму ПККнын мүчөлөрү тарабынан болгонун, ок атышууларда бири оор 3 аскер жараланганын айтты. Ала, террористтерге карай операция башталганынын маалыматын да бөлүшүп, «Муну кылган мыкаачылар кармалат»,-деди.

ЖХПнын лидери Кылычдароглунун коопсуздук күчтөрү тарабынан коопсуз аймакка жеткирилгени белгилүү болду.

Айрым телеканалдарга телефон аркылуу байланышып маалымат берген Кылычдароглу, өзүнүн жана жанындагыларын саламаттык абалынын жакшы экенин белгиледи.

ЖХПнын фракция башчылыгы милдетин аткаруучу Өзгүр Өзел болсо эмнеси болсо да демократиялык тартипти жактоону уланта тургандарын жарыялады.

Бул учурда президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым, ЖХПнын лидери Кемал Кылычдароглуна телефон аркылуу байланышып ал-акыбалын сурашты.

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, террордук кол салууга наалат айтканын белгилесе, Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик бүткүл саясат мекемелеринин бутага алынганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар