Түркия менен Ирандын арасындагы сүйлөшүү

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хүсейин Жабири Энсари Анкарага келди

557830
Түркия менен Ирандын арасындагы сүйлөшүү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зарифтин ортосунда бир жумалык аралык менен өткөн эки сүйлөшүүдөн кийин күтүлбөгөн сапар дагы ишке ашты.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хүсейин Жабири Энсари Анкарага келди.

Энсари жетектеген делегация тышкы иштер министрлигинде  тийиштүү кеңешчи орун басары жетекчилик кылган түрк делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу карым – катнашта менен бирге Ирак жана Сириядагы абалдар кенен түрдө каралды.

Террордук уюмдар менен күрөшүүдө таштала турган кадамдар тууралуу пикир алышууларда болушту.

Энсаринин күтүлбөгөн Анкара сапарынан мурда Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф Анкарага келген, 1 жумадан кийин да тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу  Иранга бир сапар менен барган болчу.


 

 

 



Тектеш кабарлар