ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин кайтарылышы атайын талап кылынды

Жо Байден президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексинде кабыл алынды.

558681
ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин кайтарылышы атайын талап кылынды

Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Жо Байден Анкарада...

Жо Байден президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексинде кабыл алынды.

Жолугушуудан кийин уюштурулган маалымат жыйынында президент Эрдоган ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин кайтарылышы атайын талап кылынганын айтты.

Эрдоган: «АКШнын бул темадагы күтүүбүздү камсыздай турган керектүү кадамдарды таштай турганына ишенемин»,-деди.

Президент Эрдоган айрыкча: «ДЕАШ менен кошо террор менен күрөшүү аймактагы эң маанилүү тема. Террор уюмунун жакшысы жаманы деп бөлбөйбүз. Улуттук коопсуздугубуздун коркунучка түшүүсүнө эч качан уруксат бербейбиз»,-деп айтты.

АКШнын вице-президенти Байден болсо, «ФЕТӨнүн корбашчысы Гүленди коргош үчүн эч кандай себебибиз жок»,-деди.

Төңкөрүш аракетинин алгачкы убагынан баштап сизди жактадык, сиз менен биргебиз деген Байден: «АКШ, төңкөрүш аракетине байланыштуу ар кимдин сот алдына чыгарылышы үчүн ар түрдүү колдоону камсыздайт. Гүлендин кайтарылыш темасында жакын кызматташтыкта боло турганыбызга шек жок»,-деп айтты.

Жо Байден Түркия жана АКШ калктарынын террор менен күрөшүүдөн баш тартпай тургандарын белгилеп: «Америка калкы сизди колдойт. Барак Обама алгачкылардан болуп телефон чалды. Кечирип коюңуздар мурда эле бул жакка келе алганда»,-деди.

Байден Анкарадагы жолугушууларынын алкагында өзүн коштогон делегация менен бирге эң оболу Түркия Улуу Улуттук Жыйынына барды. Байден төрага Исмаил Кахраман менен жолукту.

Кахраман дос жана шериктеш АКШнын вице-президенти Байденге сапарынан улам ырахматын айтты.

Байден да капа болгондорун сөз кылып: «Окуянын (төңкөрүш аракетинен) эртеси күнү бул жерде болгум келди. Өз аскериңиздин Парламентке кол салганын укканда жүрөгүмө бычак сайылгандай болдум. 11-сентябрда өлкөмдө болгондорду менин эсиме салды»,-деди.

Түркиядагы демократияга ишенгендерин белгилеген Байден, «Түркия күчтүү бир өлкө, сизге муктаждыгыбыз бар»,-деп айтты.

Жолугушуу андан соң басма сөзгө жабык түрдө уланды.

Жо Байден Кахраман менен бирге  Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде бомбаланган Парламент имаратын кыдырып чыкты.

Байдендин жалгыз эле Ардак залдагы бомбаланган бөлүмдү кыдырышы пландалган эле. Бирок Премьер-министр Бинали Йылдырымдын талабы менен төңкөрүш аракетинде кыйраган Премьер-министрлик орун алган кабатка алып барылды жана ал жерде да маалымат берилди.

Байден көргөндөрүнө, «Абдан коркунучтуу, кыйратуучу»,-деп айтты.

Жо Байден Парламентке барганда 4 саясий партиянын өкүлдөрү да бар эле. Байден Фетуллах Гүлендин кайтарылышы темасында болсо өлкөсүндөгү мыйзамдарга шилтеме көрсөтүп, «Чечимди сот чыгарат»,-деди.

АКШнын вице-президенти андан соң Чанкая сарайына өтүп Бинали Йылдырым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуудан кийин биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында АКШнын вице-президенти Байден, өлкөсүнүн Түркияда болгон төңкөрүш аракетин мурдатан билгени жөнүндөгү айтымдарды четке кагып, «15-июлда болгон төңкөрүш аракетин айыптаймын»,-деди.

АКШнын Түркияны ар дайым колдоого алганын белгилеген Байден, өлкөсүнүн Түркия калкынын эрдигине суктанганын баса белгиледи.

Байден ФЕТӨ/ПДЙнын корбашчысы Гүлендин кайтарылышы тууралуу, «Биз жооптуу кызматкерлер менен кызматташуудабыз, укук боюнча адистерибиз чогуу иштеп жатышат, биздин кандайдыр бир шериктешибизге зыян тийгизген кишини коргоо ниетибиз жок»,-деди.

АКШнын вице-президенти Байден, ФЕТӨ/ПДЙнын корбашчысы Гүлендин кайтарылышы үчүн АКШ сотторуна кайрыла тургандарын жана мунун бир аз убакыт ала турганын айтты.

Биргелешкен маалымат жыйынында Газиантептеги терактка да токтолгон Байден, мунун адамзаттыкка жатпаган варварча кыймыл болгонун билдирди.

АКШнын вице-президенти Байден Жераблустагы «Эвфрат калканы» операциясында болсо ДЕАШка каршы чогуу кыймыл кылына турганын, ЙПГ күчтөрүнүн Эвфраттын башка тарабына өтпөшү керектигин, эгер мындай болсо АКШдан эч кандай колдоо ала албай турганын айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да АКШнын вице-президенти Жо Байденди Анкарада конок кылгандары үчүн сыймыктангандарын белгиледи.

Сапар убагында 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен баштап, аймактык маселелерде пикир алмашкандарын айткан Өкмөт башчы, «Бул мыкаачылык төңкөрүш аракетинин ФЕТӨ/ПДЙ корбашчысы Фетуллах Гүлендин тийиштүү процесстер жүргүзүлүп өлкөбүзгө кайтарылуу процессин баштаган болдук. Биздин бул жердеги эң чоң күтүүбүз бардык укуктук процесстердин убакыт уттурбастан илгерилетилиши жана бул жерден улутубуздун күтүүсүнө ылайык чечимдин чыгышы»,-деди.

Сирияда абал капага салуучу экендигин, 500 миңге жакын адам каза болгонун белгилеген Өкмөт башчы: «Бул жерде эки маанилүү нерсе бар, булардан бири Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу жана этникалык топторго карай бөлүнүүнүн кылынбашы. Түштүк чек арабызда жаңы күрт түзүмүн кабыл албайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар