Шырнактын Улудере районунда эки аскер шейит болду

Жардыруудан кийин ок өткөрбөс унаалар менен көп сандаган аскер жиберилген аймакта кенен масштабда операция башталды

557722
Шырнактын Улудере районунда эки аскер шейит болду

Шырнактын Улудере районунда террористтер тарабынан курулган тузак менен бирөөсү лейтенант болгон эки аскер шейит болду.

Бингөлдө да эки айыл коргоочусу террористтер менен чыккан кагылышууда шейит болду. Террористтер Шырнактын Улудере районунун элетинде  коопсуздук күчтөрүнө тузак курду.

Жолго жайгаштырылган граната  аскердик материалдарды өткөргөн бир трактор өтүп бара жатканда жардырылды. Жардыруудан кийин окуя болгон жерге келип жолду минадан тазалаган аскерлерге да террористтер ракета жана узун аралыкка атуучу куралдар менен кол салышты.

Жардыруудан кийин ок өткөрбөс унаалар менен көп сандаган аскер жиберилген аймакта кенен масштабда операция башталды.

Бингөлдүн Ортачанак аймагында да террордук уюм ПКК мүчөлөрүн таасирисз абалга алып келүү максатында операция жүгүздү. Операцияда коопсуздук күчтөрү менен террористтердин арасында кагылышуу чыкты. Шейит коргоочулар Бингөл губернаторлугунун алдында өткөрүлгөн салтанаттан кийин Карлыова районунда жерге берилди. Аймакта операция улантылууда.



 



Тектеш кабарлар