Түркия Сирия чек арасын чыңдап жатат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия чек арасындагы коопсуздук чара көрүүлөрү тынымсыз уланып, чек ара бекемделе баштады.

556891
Түркия Сирия чек арасын чыңдап жатат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия чек арасындагы коопсуздук чара көрүүлөрү тынымсыз уланууда...

Ушул алкакта акыркы үч жылдык процессте Сирия чек арасында 239 км модулдук оор бетон дубал орнотуу аяктады, 207 км чек ара тилкеси да пландоого киригизилди. Айрыкча 49 км тикенек зым тосмо, 72 км капас зым тосмосу, 61 км акарден зым тосмо системасы курулуп бүттү. Чек ара сызыгына 401 км аң казылды, 86 км топрак тосмо курулду, орто эсеп менен 4 км аралыкка туруктуу көшөгө дубалы орнотулду.

Өзгөчө Газиантептин Килис районунун чек ара аймагында коргоого алынган жана кеңири байкоо мүмкүнчүлүгүн камсыздаган 57 даана бетон мунаранын курулушу бүтүрүлдү. Чек ара бөлүктөрүнүн учурдагы күнү-түнү менен байкоо системалары да модернизацияланды жана жаңы алуулар менен өнүктүрүлө баштады.

Бөлүктөрдүн мүмкүнчүлүктөрү жана административдик органдардын да колдоосу менен 85 км стабилдүү жол салынышы, 1892 км жолдун оңдолушу жана бөлүктөр менен бирге губернаторлуктар тарабынан 422 км чек аранын жарыктандырылышы бүтүрүлдү, 140 км жолдун курулушу үчүн каражат пландоосу жасалды.

Чек ара бөлүктөрүнүн учурдагы уюмдашуулары кайрадан иликтенди, опурталдуу аймактарга десант, техника менен жабдылган бөлүктөр, танкалык бөлүктөр менен кошумча бөлүктөр өткөрүлдү.

Ушул алкакта аймак учурдагы күчтөн тышкары; танка, зооттолгон унаалар (COBRA/ZMA/GZPT/ZPT), замбирек, пушка, миномет, абадан коргонуу системалары, радарлар жана колдоочу системалар менен толукталды, Килистин түштүгүндөгү опурталдуу аймактарга өткөрүлүшү үчүн чектеш аймактарга экинчи баскычтагы ыкчам чабуул бөлүктөрү жайгаштырылды.

Чек арада акыркы эки жылда 21256 мыйзамсыз кирүү аракетине бөгөт коюлду, 5159 киши кармалды жана 117256 кишинин киришине бөгөт коюлду.



Тектеш кабарлар