Түрк куралдуу күчтөрү террордук кол салууну айыптады

Террордук уюмдарга каршы күрөш чечкиндүүлүк менен улантылат

556485
Түрк куралдуу күчтөрү террордук кол салууну айыптады

Түрк куралдуу күчтөрү бардык террордук уюмдарга жана ар түрдүү коркунучтарга каршы күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен улантып жатканын билдирди.

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газиантепте ишемби күнү кечинде болгон жана 51 киши көз жумуп, 69 киши жаракат алган кандуу террордук кол салууну катуу айыптады.

Террорду акыркы жол катары колдонгондор өз жазаларын ала тургандары белгиленген билдирүүдө, Түрк куралдуу күчтөрүнүн бардык террордук уюмдарга жана ар түрдүү коркунучтарга каршы күрөшүүсүнүн карапайып элге зыян тийгизбестен, улуттун жана мамлекеттин буйругунда, жандармерия, полиция жана коргоочулар менен бирге чечкиндүүлүк менен улантыла турганы баса белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө, айласын таппай калган канкорлордун улуттун тилектештигин жана 18-март менен 15-июль рухун эч качан жок кыла албай турганы баяндалды.



Тектеш кабарлар