Газиантепте террордук кол салуу

Газиантепте той болуп жаткан жерди канга булаган террордук кол салууда 51 киши каза болду

555961
Газиантепте террордук кол салуу

+++ Президент Р. Т. Эрдоган Газиантепте болуп жаткан тойду канга булаган террордук кол салууда араларында балдар да болгон 51 кишинин каза болгондугун айтты.

Шаардын борборундагы бир мектептин короосунда болгон тойго жаслаган кол салууда 17 киши оор болгон 69 кишинин жаралангандыгын белгилеген президент биринчи белгтлөөлөргө караганда кол салуунун ДЕАШтын жасагандыгын жана окуядагы жандуу бомбанын да 12 – 13 жашарьарында экендигин айтты.

Адилеттик жана өнүгүү париясынын Газиантеп депутаты Мехмет Эрдоган мындай кол салууларды ДЕАШ менен ПКК сыяктуу кандуу уюмдардын жасай тургандыгын белгилеп : «Булар менен күрөшүүнү улантабыз»,- деди.

Кол салуунун жандуу бомба тарабынан жасалган террордук кол экендиги аким Вали Али Йерликая тарабынан ырасталды.

Президент Р. Т. Эрдоган жетекчилерден кол салуу тууралуу маалымат алды.

Премьер – министр Бинали Йылдырымдын жолдомосу менен бир делегация менен Газиантепке барган вице – премьер Мехмет Шимшек да кол салуу тууралуу маалымат берди.

Маселенин маңызын Түркиядагы тынчтыкты жана ыраатуулукту бузуу экендигин баса белгилеген Мехмет Шимшек Газиантеп калкынан айтылган ушактарга көңүл бурбоолорун суранды.

Абдан чоң бир оюндун ойнолуп жаткандыгын баса белгилеген Шимшек улут катары токтоолук менен бул маселелерди жеңүү керектигин баса белгиледи.

Шимшек мамлекеттин террордук уюмдар менен күрөшүнүн да чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты.

Республикалык элдик партиясы менен Улуттук кыймыл партиясы да Газиантеп депутаттарын шаарга жиберди. Газиантепте 4 жыл мурда ушул күнү жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террористтер жасаган кандуу кол салууда  10 киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар