Челик менен Дукандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Челик сүйлөшүүдө Дуканга козголоң кыймылынан кийин Түркияга жасаган сапары жана тилектештигинен улам рахмат айтты

554220
Челик менен Дукандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Бириккен Королдуктун Европа министри Алан Дукан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Челик сүйлөшүүдө Дуканга козголоң кыймылынан кийин Түркияга жасаган сапары жана тилектештигинен улам рахмат айтты.

Европа Биримдиги министрлигинен алынган маалыматтарга караганда Өмер Челик кесиптешине Түркияда Фетуллахчы террордук уюмга каршы көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.

Дукан болсо террор менен күрөштө Түркия менен ар дайым жакын кызматташтык ичинде болушкандарын жана болууну да улантышарын белгиледи.

Европа Биримдиги минстри Челик Бириккен Королдуктун Европа Биримдигинен чыгуу чечиминен кийин Европа министри катары милдеттендирилген Дуканга ийгилик каалады.

Эки министр жакынкы келечекте бетме – бет жолугушуу үчүн да макулдашышты.

 



Тектеш кабарлар