Лавров ноябрь же декабрь айларында сапар менен Түркияга келиши мүмкүн

Карлов түрк – орус карым – катнаштарын дагы да алдыга жылдыруу үчүн баарын иштөөгө чакырды

553986
Лавров ноябрь же декабрь айларында сапар менен Түркияга келиши мүмкүн

 

Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карлов Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жылдын акырына чейин Түркияга келерин белгиледи. Карлов Түркия – Орусия карым – катнаштарындагы жаңы мезгилге баа берди. Карлов түрк – орус карым – катнаштарын дагы да алдыга жылдыруу үчүн баарын иштөөгө чакырды.

Элчи Карлов : «Урматтуу Лавровдун Түркия сапарынын жылдын акырына чейин ишке ашышына ишенем. Азыркы учурда болжол менен айтып атам ноябрь же декабрь айында болушу мүмкүн. Сапардын программасынын алкагында бир гана сүйлөшүүлөр болот»,- деди. Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылына да токтолгон Карлов : «Терроризмдин бардык түрүнө каршы Түркия менен кызматташтыкка даярбыз»,- деп айтты. Карлов Түркия менен Орусиянын ортосундагы чартердик каттамдарга качан уруксаттын берилерине байланытуу суроого : «Чартердик каттамдарды кайрадан баштатпастан туризм тармагында кызматташтыкты мурунку деңгээлге  жеткирүү мүмкүн эмес. 2014 -  жылы  туризм тармагында рекордго жетиштик. Орусиядан Түркияга 4 жарым миллион турист келген. Карым – катнаштарыбыздын калыбына келүү процессинен кийин Орусияда Түркияга тур сатуулар боюнча  эч кандай тыюу салуу жок»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар