Чавушоглу Керри менен телефондо байланышып сүйлөштү

Анда Фетуллах Гүлендин кайтарылышы, АКШнын вице-президенти Жо Байдендин сапары, Мүнбич жана Халебдеги акыркы абал каралды.

553243
Чавушоглу Керри менен телефондо байланышып сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШлык кесиптеши Жон Керри менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшүү өткөрдү.

Анда Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылышы, АКШнын вице-президенти Жо Байдендин сапары, Мүнбич жана Халебдеги акыркы абал каралды.

ФЕТӨ/ПДЙнын 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Анкарага келиши күтүлүп жаткан. Бирок кечээки жарыяда Керринин ордуна АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Түркияга келе турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар