Батыш медиасы Гүленди күнөөсүз кылып көрсөткүсү келет

«Ыктыярдуу сүргүндөн» «бал тилдүүлүккө» чейин батыш басма сөзүндө колдонулган ыкмалар.

552456
Батыш медиасы Гүленди күнөөсүз кылып көрсөткүсү келет

БАТЫШ БАСМА СӨЗҮ ГҮЛЕНДИ ЖАКТАГАН ТҮШҮНҮКТҮ БАШКАРУУ АРАКЕТИН ОРТОГО САЛДЫ

 

Чет элдик басма сөздө ФЕТӨ (Фетуллахчы террор уюму) корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайсы сыпаттар менен аныкталганына байланыштуу Басма сөз, берүү,маалымат башкы директорлугубуз тарабынан жасалган изилдөө, өзгөчө Батыш жана АКШда «күнөөсүз» сөздөр менен Гүленди жактаган түшүнүктү башкаруу операциясы жасалганга аракет кылынганын көз алдыга жайды.

 

«Ыктыярдуу сүргүндөн» «бал тилдүүлүккө» чейин батыш басма сөзүндө колдонулган ыкмалар

 

«Чет элдик басма сөздө ФЕТӨ лидери» аттуу кабар анализибиздин алкагында, 2016-жылдын  1-май-9-августуна таандык 126 чет элдик гезит жана журнал, 21 телеканал жана 15 эл аралык маалымат агенттиги тандалып, 2726 кабар иликтенди.

АКШ басма сөзүндө, террорист башчысы Гүлен тууралуу «пенсиядагы насаатчы», «ыктыярдуу сүргүндөгү имам», «бал тилдүү», «популярдуу», «77 жаштагы оорукчан жана улгайган имам», «жалгыз диниятчы», «сырдуу динчил», «абройлуу оппозиционер», «Эрдогандын мурдагы шериктеши» сыяктуу байкуштай сыпаттоолор менен айтылганы белгилүү болду. АКШ басма сөзүнүн мамилеси АКШнын жооптуу кызматтагылары тарабынан ар бир мүмкүнчүлүктө шериктеш жана дос өлкө катары аталган Түркия жана түрк калкы тарабынан эки жүздүүлүк катары кабыл алынууда.

Изилдөөбүзгө каранда немец басма сөзү террорист башчысы Гүлен туурасында «Гүлен желеси», «Ыктыярдуу сүргүндөгү имам», «жөнөкөй насаатчы», «Эрдогандын эзелки душманы/ мурдагы шерктеши», «Пенсилвания тоолорунда жашаган улгайган жана оорукчан адам», «Африкада таасирдүү жамаат», «Уулуу жылан» сыяктуу мүнөздөөлөрдү тандады. Немис басма сөзү ФЕТӨнү террор уюму катары көрсөтпөө үчүн тез-тез «жалган» деген сөзгө орун берди.

Франция басма сөзүндө «мурдагы шериктеш», «сүргүндөгү насаатчы» , «руханий лидер», «75 жашындагы оорукчан жана чаалыккан адам» мүнөздөөлөрү колдонулду. Түрк жооптуу кызматтагыларынын ФЕТӨ деген аныктоолорунун тырмак ичинде берилиши тандалган француз басма сөзүнүн бул мамилеси, террорго каршы күрөштө Түркия менен колдошуу үлгүсүн көрсөтпөгөнү катары аныкталууда.

Англия басма сөзүндө болсо ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен үчүн «Харизматикалык динчил», «77 жаштагы диний лидер», «жалгыз диниятчы», «оппозиционер», «диндер аралык диалог маалыматын берген» сыяктуу сыпаттар тандалды. «Террор уюму жана параллель түзүмү» сыяктуу сөздөрдүн болсо айтымдар деңгээлинде кармалганы көрүнүүдө.

 

Дүйнөлүк басма сөз Гүлен үчүн кайсы сыпаттарды колдонду?

 

Жакынкы Чыгыш басма сөзүндө «Америкада жашаган динчил», «окумуштуу», «Африканын маанилүү жүзүнөн бири» катары мүнөздөлгөн Гүлен, Иран басма сөзүндө «Ирандын Ислам Республикасынын коркунучтуу оппозиционери», «сүргүндөгү динчил», «төңкөрүш аракетин уюштурганы менен күнөөлөнгөн адам» сыпаттары менен эскерилсе, ФЕТӨгө мүчө аскерлер үчүн болсо «Фетуллах Гүлен террор уюмуна мүчө аскердик козголоңчулар» мүнөздөмөсү колдонулганы көңүл бурат.

ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен, Кытай басма сөзүндө «Америкалыкташкан түрк динчили», «диний киши», «сүргүндөгү оппозиционер», Израиль басма сөзүндө болсо «радикал исламчы», «жашыруун террор уюму», «Түркияда туулган суннит динчил», «сүргүндөгү мусулман насаатчы» деген кабарлар менен басма сөздө тема болгон.

Япония басма сөзү Гүлен туурасында «исламчы диний окутуучу», «Гүлен кожо», Италия басма сөзү «Суннит имам», «бир имамдын уулу», «Гүлен императорлугу», Нидерландия басма сөзү «эл аралык фирмалар,билим берүү мекемелери, банктардын ээси таасирдүү имам» деген сөздөр менен мүнөздөдү. Күрт тилинде чыккан кабарларда болсо Гүлен, «Ислам чакыруучусу», «Эрдоган мамлекетин кулата турган жалгыз күч», «Күрткө каршы чыгуу», «Параллель уюмдун лидери» мүнөздөмөлөрү менен күн тартипке чыгарды.

ФЕТӨнүн корбашчысы Орусия басма сөзүндө «сырдуу динчил», «Түрк тилдүү өлкөлөрдө исламий окуулар чынжырына ээ болгон адам», «Гүлендин императорлугу», «Президент Эрдогандын аесуз атаандашы», Греция басма сөзүндө «Түрк лидеринин саясий рухий жетилүүсүндө белгилөөчү роль ойногон Гүлен», «Батышты жактаган турушу менен консервативист исламий принциптерди бириктирген», Сауд Арабия басма сөзүндө «Террорист уюмдун лидери», «төңкөрүш боюнча жооптуу көрүлгөн сүргүндөгү диний лидер», Египет басма сөзүндө «Түрк динчили», «Аскердик төңкөрүш аракетинин биринчи кылымшкери», «Исламий ойчул», Кипрдын рум басма сөзүндө «чектерин эбак ашып өткөн кызмат кыймылынын атасы» жана Швеция басма сөзүндө «АКШ борборлуу насаатчы», «Мусулман лидер», «сүргүндөгү ислам насаатчысы» сыяктуу мүнөздөмөлөр орун алды.

 

Фетуллах Гүлен үчүн «жумшак» мүнөздөмөлөрдү издөө аракети

 

Батыш медиасынын Түркияга каршы мамилесине ФЕТӨнүн акыркы жылдарга дейре зекет, садага, курмандык деген ат менен түрк калкынын кайрымдуулугун колдонуп чогулткан акчалар менен аткарган лоббичилик кыймылдарынын да салымы болгону, изилдөөбүз ортого салган көрсөткүчтөрдөн бири. Бир топ Батыштык медиа органы менен уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн жакын мамилелер, ар түрдүү чет элдик саясатчылардын Түркияга каршы отчет даярдалышы үчүн берген финансылык колдоолору болсо аты аталган лоббичилик иштеринин эң так далилдери болуп саналат.

Батыш медиасынын мындан мурда ПКК жана ПЙД туурасында чыккан кабарларда колдонгон айтымдары эске алынганда, бул мамиленин түрк калкы үчүн таң калычтуу жагы жок. ПКК жана ПЙД үчүн «согушкер», «күрт согушчулар» сыяктуу мүнөздөмөлөрдү колдонгон батыш медиасы, дагы бир жолу Түркияга каршы бир топ мыйзамсыз кыймылдарга киришкен, жүздөгөн адамдын өлүмүнөн, миңдегендеринин жаралануусунан жооптуу болгон ФЕТӨ жана корбашчысы Фетуллах Гүлен үчүн «жумшак, жөнөкөй» мүнөздөмөлөрдү табуу аракетин улантууда.

Башкы директорубуздун орун басары Экрем Окутан сөзү болгон изилдөөбүзгө байланыштуу «Анадолу» агенттигинин кабарчысына маек куруп берди. Окутан өздөрүнүн изилдөөлөрү менен эл аралык басма сөзгө чагылышкан кабарлардын ФЕТӨнүн чындыгында кимдер үчүн иштегенин ортого салганын белгилеп, эл аралык басма сөздүн Түркияда демократиядан сөз болгондо,  демократияны жаңы көргөнсүп чоочулап туруп бергендерин айтты.



Тектеш кабарлар