АК партия улут менен биригип аянттарды мекен чыккынчыларына калтырган жок

Йылдырым, АК партиянын түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата партиянын башкы борборунун алдында уюштурулган иш-чарада партия мүчөлөрүнө кайрылды.

552161
АК партия улут менен биригип аянттарды мекен чыккынчыларына калтырган жок

Премьер-министр Бинали Йылдырым Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) улут менен бирге аянтты мекен чыккынчыларына калтырбагандарын, эч качан калтырбай тургандарын айтты.

АК партиянын жетекчиси жана премьер-министр Йылдырым, АК партиянын түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата партиянын башкы борборунун алдында уюштурулган иш-чарада партия мүчөлөрүнө кайрылды.

АК партиянын куруучу жетекчиси президент Режеп Таййип Эрдогандын, партия түзүлгөн күнү «мындан кийин эч нерсе мурдагысындай болбойт» дегенин эске салган Йылдырым, «Бул сөздүн айтылганынан бери 15 жыл өттү. 15-июлда чыккынчы Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ)  төңкөрүш аракетинин мизи майтарылышы менен дагы бир жолу көргөндөй эч нерсе мурдагысындай болгон жок, болбойт дагы»,-деди.

2002-жылдын ноябрь айында шайлоолорго бара жатканда «Өзү гана, иштөөгө» дегендерин белгилеген Йылдырым, мындай улантты: «Бардыгы Түркия үчүн" дедик жана бардыгын Түркия үчүн жасадык. Өлкөнүн тыгылган тамырларын бир-бирден ачтык. «Адамды жашатсан мамлеке жашайт» принциби менен кыймыл кылдык. «Мамлекет улутка таандык» дедик, мамлекет менен улутту жолугуштурдук, кучакташтырдык. Бой көтөргөн жокпуз бирок тик турдук. Улуттун эркинен эч бир терең түзүлүш, эч бир асыранды уюк, эч бир террор уюмун жогору койгон жокпуз. Сан жеткис чыккынчылыктар менен алпурушуп атып ушул күндөргө келдик».

Партиянын түзүлгөн күнүнөн баштап этникалык, аймактык жана диний улутчулдукка, ар түрдүү жикчилдикке так түрдө каршы турганын, ар бир аймакка, бардык катмарга кучак жайган Түркия партиясы болгондорун баса белгилеген Йылдырым, ушул себептен АК Партиянын улуттун үнү, Түркиянын партиясы болгонун белгиледи.

Кризистерди, асырандыларды артка таштаган партия катары элдин алдына чыккандарын баса белгилеген Йылдырым: «Чыккынчы бандаларына, террор уюмдарына, кыскасы улуттун жолуна таш койгондорго каршы туруп биз улуттун жолуна баш болдук. Буюрса бизди бул жолдон эч ким чыгара албайт. Бүгүн кечээкиге караганда дагы күчтүүбүз. Гези козголоңунан 17-25-декабрь төңкөрүш аракетине чейин, 6-7-октябрь мыкаачылыгынан чуңкур саясатына чейин бир топ чыккынчылык киришүүлөрдү ийгиликтүү четке кактык. Эң акырында 15-июлда улут менен бирге дүйнөнүн эң шайтандай, эң мыкаачылык төңкөрүш аракетин четке кагып, төңкөрүшчүлөрдү чөгөлөткөн башкаруу командасы-АК партия»,-деп айтты.

Ар түрдүү кол салуу жана мыкаачылыктын АК партиянын чечкиндүүлүгүн дагы да арттыра турганын баса белгилеген Йылдырым, буларга токтолду: «Бул өлкөнүн жана бул улуттун биримдигине кол салышууда, кирешелерибизди жок кылууга, келечекке ишенимдүү кадамдар менен басышыбызга тоскоол болгусу келди. Ар ким жакшы билип алсын, жымжырт төңкөрүштөрдүн партиясы АК партия, улут менен биргелешип аянттарды мекен чыккынчыларына калтырган жок, эч качан калтырбайт. Ардагер Мустафа Кемал Ататүрк белгилеп кеткен өнүккөн цивилизациялар деңгээлине жетүү чечкиндүүлүгүбүзгө жана АК партиябыздын 2023-жыл максаттарына эч качан тоскоол боло алышпайт».

Өкмөт башчы ФЕТӨ жана жикчил террор уюму ПКК баштаган ар түрдүү террорду Түркиянын күн тартибинен чыгара тургандарын айтты.

Дагы өнүккөн демократия жана укук мамлекети катары жүрүшүн уланта турганын билдирген өкмөт башчы Йылдырым, келечек муундарга, төңкөрүш сүйлөшүлбөгөн Түркияны аманатка калтыра тургандарын белгилеп кетти.

15 жылдык ушул машакаттуу жана ийгиликке толгон мезгилдин акырында келечекке дагы чоң ишеним менен баскандарын билдирген Йыллдырым: «Чыккынчы террорист уюктары, бизди келечекке карай куттуу жүрүшүбүздөн ажырата алган жок, эч качан ажырата албайт. Чыккынчы ФЕТӨ уюму жана жикчил уюмдар, майда дүйнөсүндө тебелене турсун. Биз Түркия катары АК партия катары көз караштарыбызды бир мүнөткө болсо да кыйырдан тартпайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар