Түркияга каршы кара пиарды камтыган кабар Астриянын аэропортунан чыгартылды

Түркияга карай кара пиарды камтыган кабардын аэропорттогу панелде жарыяланышы каршы чыгууларды тартты.

551386
Түркияга каршы кара пиарды камтыган кабар Астриянын аэропортунан чыгартылды

Түркия, Вена аэропортундагы панелге илинген Түркияга каршы экинчи жарыяны да чагыртып салды.

Австриянын борбор калаасы Венада Швехат эл аралык аэропортундагы панелде экинчи ирет Түркияга каршы кабар жарыяланды.

Австриянын медиасында колдонулган, Түркияга карай кара пиарды камтыган кабардын аэропорттогу панелде жарыяланышы каршы чыгууларды тартты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу аты аталган кабардын чыгартылышы үчүн кайрылуусун жасады. Венадагы элчиликтин да киришүүсү менен Түркияны жамандоону максаттаган чатактуу кабар аэропортундагы панелден алынды.

Бир тараптан аэропорттогу экинчи чатактан кийин Австриянын элчи милдетин убактылуу аткаруучусу Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып Түркиянын каршы чыгуусу билдирилди.

Өткөн аптада да Венада Швехат эл аралык аэропортундагы панель экранда Түркия жана президент Эрдоганга каршы кабар жарыяланып, Тышкы иштер министрлигинин киришүүсү менен жоюлган.



Тектеш кабарлар