Премьер - министр Бинали Йылдырым Болгариянын премьер - министри менен жолугушту

Бинали Йылдырым ФЕТӨнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин болгарь өкмөтүнүн берген колдоосуна ыраазы экендерин белгиледи

551038
Премьер - министр Бинали Йылдырым Болгариянын премьер - министри менен жолугушту

Премьер – министр Бинали Йылдырым Болгариянын премьер – министри Бойко Борисов менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Премьер – министрликтин булактарынан алынган маалыматка караганда Бинали Йылдырым кесиптешине Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин болгарь өкмөтүнүн берген колдоосуна ыраазы экендерин белгиледи.

Болгариядан Түркияга тапшырылган ФЕТӨ мүчөлөрүнүн укуктук мамлекет принцибинин алкагында адилеттүү түрдө соттолушарын айткан Бинали Йылдырым эки өлкөнүн ортосунда ишке ашкан тапшыруу ишинин башка дос жана союздаш өлкөлөргө үлгү болорун белгиледи.

Жолугушууда айрыкча премьер – министр Йылдырымдын болгарь кесиптеши  чектеш өлкөлөр катары мыйзам тышы  көч тууралуу эки тараптуу иш алып барууну сунуштагандыгы жана муну кабыл алгандыгы да билдирилди.



Тектеш кабарлар