Өлкөсүн жана улутун аябагандарды биз кантип аяйбыз

Эрдоган Президенттик комплексинде Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолукту.

549421
Өлкөсүн жана улутун аябагандарды биз кантип аяйбыз

 Президенит Режеп Таййип Эрдоган 15-июлдагы төңкөрүш аракетине аралашкандан кийин качкандарды кармаап жатканда өч алуу сезими менен эмес мыйзам чегинде мамиле кылгандарын айтты.

Түрк калкынын өлкөсүн Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) аркылуу туткунга алып, Сирияда, Ливияда, Иракта жана Ооганстанда болгон кайгылуу көрүнүштөрдү бул жерде кайталагысы келгендерге тарыхый бир сабак бергенин белгилеген президент: «Бул улут улуу бир улут»,-деп айтты.

Эрдоган Президенттик комплексинде Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолукту.

Мыкаачылык козголоң болгон түнү шейит болгон 240 кишинин арасында жакын жолдошу менен уулу да орун алганын эске салган Эрдоган, жүздөгөн жаралуу болгонуна карабастан ал түндөн бери көчөлөрдө кудум эле фестиваль атмосферасында демократияга ээ болгонун баса белгиледи.

Бул мыкаачылык оюндун бир бөлүгүн да экономиканын кулатылышы түзгөнүн белгилеген Эрдоган, ишкерлерден чет өлкөдөгү кесиптештерине ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн жана бүткүл дүйнө үчүн корунуч туудурганын түшүндүрүүлөрүн талап кылды.

Бул уюмдун финансы булактарынын да жок кылынышы керектигин белгилеген президент Эрдоган: «Өлкөсүн жана улутун аябаганды биздин да аяганга укугубуз жок. Зулумду аягандык карапайымга  акысыздык болуп саналат"-деп улантты.

Мамлекеттик кызматтардан четтетилгендерге байланыштуу сындоолорго да катуу каршы чыккан Эрдоган: «Чыгыш жана Батыш Германия биригип жатканда көрдүк. Жүз миңдеген мамлекеттик кызматкерди кызматынан алышты»,-деп, «ФЕТӨнун мүчөлөрүн кудум эле ПКК мүчөлөрү сыяктуу, кудум эле ДЕАШ мүчөлөрү сыяктуу демократия жана укук мамлекети принциптеринин ичинде жок кылууда чечкиндүүбүз»,-деп айтты.

Эрдоган сөзүндө Санкт-Петербургга кечээ жасаган сапарына да токтолуп, Орусия менен экономикалык кыйынчылыктардын кыска убакыттын ичинде ашылып өтө турганына ишенгенин айтты.

Путин менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардын жемиштүү өткөнүн белгилеген Президент, соода көлөмүнүн 100 миллиард долларга жеткирилиши үчүн макулдашылганын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар