"Демократия жана шейиттер" митинги үчүн элдер Йеникапыга келе башташты

Стамбул «Демократия жана шейиттер» митингине даяр...

546727
"Демократия жана шейиттер" митинги үчүн элдер Йеникапыга келе башташты

Стамбул «Демократия жана шейиттер» митингине даяр...

Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин көп күндөн бери уланып жаткан демократия нөөмөтүнүн финалы Йеникапы аянтында болот.

Йеникапыда боло турган жана 3 миллиондон ашуун киши катышуусу күтүлгөн митингде төңкөрүшкө каршы биримдик жана ынтымак билдирүүсү айтылат.

«Демократия жана шейиттер» митинги аянтына бир канча саат мурдатан келген жарандар аянтты толтура башташты.

Йеникапыда метро станциясынын дубалдарына төңкөрүш шейиттеринин фотосүрөттөрү илинди.

Президенттиктин эгедерлигинде өткөрүлө турган тарыхый митингге, премьер-министр Бинали Йылдырым менен Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели да катышат.

Башкы штаб төрагасы , армия генералы Хулуси Акар да командирлери менен бирге аянтта болот. Айрыкча искусство жана спорт дүйнөсүнөн да тыгыз катышуу күтүлүүдө.

Тарыхый митинг үчүн кеңири коопсуздук чаралары көрүлдү. 15 миң полиция менен 15 миң коопсуздук кызматкери кызмат өтөйт. Митингге келгендер 3 негизги каалгадан текшерүүдөн өткөрүлүп аянтка киргизилет. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өзүнчө кириүүчү каалгалар жасалды. Элди ташуу үчүн 7 миң автобус бөлүндү. Деңиз жолу менен 12 жерден аянтка жетүү камсыздалат. 50 деңиз унаасы бир күн бою каттап турат. Митинг аянтында 728 саламаттык сактоо кызматкери кызмат өтөйт. Митингде 239 шейитти өкүлдүк кылган 239 кишилик «Мехтеран» тобу концерт коет.

Буга кошумча «Демократия жана шейиттер» митинги үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган жана Премьер-министрлик твиттер эсептеринен чакырык жасалды.

#TekMilletTekYürek хештеги менен адамдар Йеникапыга чакырылды.



Тектеш кабарлар