Демократия нөөмөтү Стамбул жана Анкарада шаңдуу улантылууда

Желегин колуна алган кубанычтуу калың эл түнү менен шейиттер жана ардагерлер үчүн дуа кылышты

546150
Демократия нөөмөтү Стамбул жана Анкарада шаңдуу улантылууда
çavuşoğlu kısıklı.jpg
taksim sümeyye erdoğan.jpg

Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -июлдагы козголоң кыймылына каршы демократия нөөмөтү улантылууда.

Президент Р. Т. Эрдогандын «аянттарга чыккыла» деген чакыруусуна баш ийген миңдеген жаран 15 -июль күнү түндөн бери колдорунда түрк желектери менен «демократия нөөмөтүндө» турушат.

Анкарада 15 -июль күнүнөн бери Кызылай демократия аянтында чоң кичине, кары – жаш дебестен нөөмттө турушат. Желегин колуна алган кубанычтуу калың эл түнү менен шейиттер жана ардагерлер үчүн дуа кылышты.

Козголоңчуларга биринчи болуп ок аткан шейит старшина Өмер Халисдемирдин туугандары менен жердештери да нөөмөткө турушту.

Анкара мэри Мелих Гөкчек шейит старшина Өмер Халисдемирдин атынын Анкарада жашатыларын айтты.

Демократия нөөмөтүнө башка бир колдоо Палестина жана ливандык өнөрпоздор тарабынан көрсөтүлдү. Палестиналык акын Жихад Ет – Турба жазган «15 -июль каармандары» аттуу ырдын сөздөрүнө ливандык «Груба» аттуу топ тарабынан обон чыгарылды.

Демократия нөөмөтү болгон башка маанилүү бир жер да президенттик комплексиндеги «Миллет» мечити болду.

Стамбулда да демократия нөөмөтү шаан – шөкөткө айланып, колдооруна түрк желегин алган кишилер аянттарды толтурушту. Жарандар Таксим аянтында чогулушуп ырларды ырдашты.

Үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Сайын Кая менен президент Р. Т. Эрдогандын кызы Сүмеййе Эрдоган Байрактар да Таксимде демократия нөөмөтүнө катышты.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да Кысыклыда демократия нөөмөтүнө катышты.



Тектеш кабарлар